Мишустин Россиядан дан азыктарын, шекер экспорттого тыюу салган токтомго кол койду

Мындай чечим сырткы чектөөлөрдүн шартында ички азык-түлүк рыногун коргоо үчүн кабыл алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин дан азыктарын РФтен ЕАЭБ мамлекеттерине алып чыгууга 30-июнга чейин, ал эми кумшекерди 31-августка чейин үчүнчү өлкөлөргө чыгарууга тыюу салган токтомго кол койду. Бул туурасында РФ өкмөтүнүн маалымат кызматы билдирди.
Документке ылайык, буудай, кара буудай, арпа, жүгөрү алып чыгууга тыюу салынган. Башкача айтканда, эми ЕАЭБ мамлекеттери Россиядан 30-июнга чейин дан азыктарын ала алышпайт.
"Мындай продукцияларды Россиядан гуманитардык жардам катары, ошондой эле эл аралык транзиттик жүк болсо гана чыгарууга мүмкүнчүлүк берилет", — деп айтылат маалыматта.
Аталган чечим сырткы чектөөлөрдүн шартында ички азык-түлүк рыногун коргоо үчүн кабыл алынган.
Азык-түлүктөн кооптонбоңуздар! Айыл чарба министри пландары менен бөлүштү