Дүйнөлүк банк: Россияга каршы санкциялар жалпы экономикага залакасын тийгизет

Мэлпасстын пикиринде, Россия менен Украинадан энергетика булактарын албай калган соң башка өлкөлөр тез эле альтернативалуу жолдорду таап алышы мүмкүн. Бирок айыл чарбаны жөнгө салуу кыйын болот.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Дүйнөлүк банктын президенти Дэвид Мэлпасс Россияга каршы санкциялар дүйнөлүк ИДПга Украинадагы атайын операциядан дагы көбүрөөк закаласын тийгизет деп эсептейт. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Анын айтымында, Украинадагы кырдаалдын кесепети жакынкы айларда эле сезиле баштайт.
"Бирок Россияга каршы санкциялардын дүйнөлүк ИДПга карата терс таасири атайын операциянын кесепетинен дагы ашып кетет деп ойлойм", — деди Мэлпасс АКШлык ЖМКлардын бирине маек берип жатып.
Мэлпасстын пикиринде, Россия менен Украинадан энергетика булактарын албай калган соң башка өлкөлөр тез эле альтернативалуу жолдорду таап алышы мүмкүн. Бирок айыл чарба жаатын жөнгө салуу үчүн бир жылдан ашык убакыт талап кылынмакчы.
Антироссиялык санкциялар Европанын экономикасын кыйратууда