Кыргызстанда мугалимдер толтура турган документтердин саны кыскарат

Жаңы чыккан документ боюнча, эми план-конспектини мектепте иштеген эмгек стажы беш жылдан ашкан мугалимдер жазбайт.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Кыргызстанда мугалимдер толтура турган документтердин саны кыскарат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, министр Алмазбек Бейшеналиев "Кыргызстандагы жалпы билим берүүчү мектептердин мугалимдери тарабынан жүргүзүлүүгө (толтурулууга) милдеттүү болгон документтердин тизмесин бекитүү жөнүндө" Билим берүү жана илим министрлигинин 2020-жылдын 28-декабрындагы №1097/1 буйругуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" буйругуна кол койгон.
Ага ылайык, предметтик мугалимдер класстык журналды, календарлык-тематикалык планды жана сабактын план-конспектисин толтурат. Ал эми класс жетекчилер класстык журналды, окуучулардын өздүк делосун жана класстын социалдык паспортун жазышат.
"Класстык журнал электрондук вариантта толтурулган учурда чейректин аягында аны кагазга чыгарып, окуу бөлүмүндө сактоо зарыл. Календарлык-тематикалык план окуу жылынын башында жаңыланат, аны мектептин жетекчиси бекитет", — деп айтылат маалыматта.
Жаңы чыккан документ боюнча, эми план-конспектини мектепте иштеген эмгек стажы беш жылдан ашкан мугалимдер жазбайт, сабакты чыгармачылык менен өтө алышат. Ал эми эмгек стажы беш жылга жете электер план-конспект толтурат. Аны кол менен дагы, компьютерде да жазса болору айтылды.
Мугалимдин күндөлүгү. Жоопкерчилигин билбеген ата-эненин дооматы күч болот экен