Медициналык камсыздандыруу полисин кайдан канча сомго алса болот? Баасы

Дарыгерлер. Архив
Чет өлкөнүн жарандарына мындай полис алты ай үчүн 7 826 сом турат. Ал эми бир жылга 15 652 сомду түзөт.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Кыргызстанда медициналык камсыздандыруу полисинин баасы КР жарандары үчүн 12 айга 1 286 сом. Бул тууралуу Бишкек аймактык башкармалыгынын медициналык кызматтын сапатын эксперттөө секторунун башчысы Света Нуралиева Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде билдирген.
Анын айтымында, мамлекетке салык төккөн кызматкерлер, пенсионерлер, мектеп окуучулары (18 жашка чейин), ай сайын жөлөк пул алчулар, аскер адамдары, фермерлер, 21 жашка чейинки күндүзгү бөлүмдө окуган студенттер жана жумушсуздугу боюнча каттоодо тургандар медициналык камсыздандырылгандарга кирет.
"Жогорудагы категорияга кирбегендер, маселен, иштебей үйдө отургандар, базар, дүкөндө салык төлөбөй иштегендер медициналык камсыздандыруу боюнча атайын полисти сатып ала алат. Баасы Кыргызстандын жарандары үчүн 12 айга 1 286 сом. Ал эми чет өлкөнүн жарандарына мындай полис алты айга 7 826 сом турат. Ал эми бир жылга 15 652 сомду түзөт", — деген адис.
Белгилей кетсек, медициналык жактан камсыздандырылгандар жана полиси барлар Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен келишим түзгөн дарыканалардан дары-дармекти 50 пайызга чейин жеңилдетилген шартта алса болот.
Медициналык камсыздандыруу полисин алгандарга көрсөтүлчү жеңилдиктер тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуй аласыздар.
Электронный страховой полис
Кыргызстанда камсыздандыруу компаниялары менен келишим түзгөндөр 2 эсе көбөйдү