БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын (18 жашка чейинкилер) оюнчусу Нурсулуу Мурзакулова Ирандын командасына суктанарлык гол киргизди.
Ал айып топту тепкен. Мурзакулова дарбазага голду түз киргизип, ал эми атаандаштардын дарбазачысы тосо албай калган.
Эсеп биринчи таймдан кийин кыргызстандыктардын эсебине 1:0 болгон. Бирок экинчи таймда атаандаштар эки топ киргизип, алдыга озуп кетти. Борбор Азиянын футбол ассоциациясынын кубогунун (CAFA Cup) жыйынтыктоочу бул түрү Душанбе шаарында өтүп жатат.
Эки оюндун жыйынтыгынын эсебинде азыр кыздардын төрт упайы (Өзбекстан менен тең чыгып, Тажикстанды жеңген) бар. Ирандын курама командасында алтоо (аталган командаларды жеңген). Чемпион болуш үчүн кыргызстандык футболчу кыздар азыркы атаандаштарын утушу зарыл, ал эми ирандыктар тең чыкса жеңишке жетет.