Өкмөт Координациялык кеңеш түздү. Максаты

Кеңештин негизги милдети – өнүктүрүү максатындагы тышкы жардамдарды пайдалануу натыйжалуулугун жогорулатуу.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Кыргызстанды өнөктөштөр менен кызматташуу боюнча Координациялык кеңеш түзүлдү. Бул тууралуу өкмөт билдирди.
Тийиштүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Кеңештин негизги милдети – өнүктүрүү максатындагы тышкы жардамдарды пайдалануу натыйжалуулугун жогорулатуу.
"Координациялык кеңеш — бул тышкы жардамды ишке ашыруунун натыйжалуулугу боюнча сунуштарды иштеп чыгууну жана даярдоону камсыздоочу консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп саналат", — деп айтылат маалыматта.
Координациялык кеңештин төрагасы болуп министрлер кабинетинин төрагасы бекитилген.
Уставдык капиталы 1 миллиард сом. Туризмди өнүктүрүү фонду түзүлөт