Министр өсүмдүк майынын, кумшекердин наркын мамлекет жөнгө салып турарын айтып, баа негизсиз көтөрүлүп кетпеши үчүн өкмөт тиешелүү чараларды көргөндүгүн билдирди.
Андан сырткары, Россиядан дыйкандар үчүн арпа, буудай, күн карама, беде, сафлор үрөндөрүн алып келип жаткандыктарын айтты.
"Азык-түлүк жагынан тартыштык болбойт, урматтуу кыргызстандыктар, андыктан сиздерди бул жааттагы такталбаган маалыматтарга ишенбөөгө чакырабыз", — деди министр Ажикеев.
Мурдараак айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков азык-түлүк боюнча Кыргызстандагы кырдаал тууралуу маалымат берип, жакынкы жылдарга карата оптимисттик божомолдору менен бөлүшкөн. Министр элди көп азык-түлүк сатып алам деп ажиотаж жаратпоого чакырып, муну менен алып сатарлардын бааны көтөрүп жиберишине шарт түзүп жатканын эскерткен.
Тема боюнча: