Кыргызстандын ТИМ башчысы Руслан Казакбаев Россия элчиси менен жолукту

ТИМ элчи менен министр кандай маселелерди талкуулаганы боюнча маалымат берди.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко менен жолукту. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, жолугушууда соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жаатта кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланган.
Тараптар жакында боло турчу саясий иш-чараларды, анын ичинде Кыргызстан төрагалык кылчу ЕАЭБдин кеңешмелерин жогорку деңгээлде өткөрүү тууралуу сүйлөшкөн. Ошондой эле Казакбаевдин жакында эле Россияга болгон расмий иш сапарынын жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча да пикир алмашканы кошумчаланды.
Мишустин Россиядан дан азыктарын, шекер экспорттого тыюу салган токтомго кол койду
Талибдер айыл чарба азыктарын Россияга экспорттоого Кыргызстандан жардам сурады