Жакындарга жок дей албай бекер иштөөдөн кантип кутулса болот? Адистин кеңеши

Финансы маселелери боюнча кеңешчи жасап берген иши үчүн тааныштарынан акча сурай албагандарга муну кыла турган адамды жалдап алууну сунуштайт.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Өз ишинин баасын билбеген же эч кимге жок дей албай бекер иштей бергендер акча жагын жакшы түшүнгөн адамды жалдашы керек. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине маек куруп жатып финансылык маселелер боюнча кеңешчи, ишкер Елена Парий билдирди.
"Айрым адамдар тааныштарына жок дей албай, акысыз иштеп берген учурлары болот. Алардын арасында көбү жөн гана өз кызматынын канча турарын биле беришпейт. Мунун аркасынан өзү жабыркайт. Эгер киши жакындарынан акча сурай албаса, муну кыла турган адамды жалдап алса болот", — деди адис.
Ошондой эле адис өз эмгегинин баасын чыгаруу жолдорун түшүндүрдү.
"Көбүнчө декретте отурган аялдар же жумушка жаңы аралаша баштагандар мындай көйгөйгө көп туш болот. Эң жеңил жолу рынокту карап чыгуу керек. Сиз сыяктуу адистердин эмгек акыларын салыштырып көргөн соң өз артыкчылыктарыңызды байкаңыз. Балким, ошол эле ишти башкаларга караганда тез жасай аласыз же тажрыйбаңыз жогорураак. Ушул сыяктуу нерселерди эске алуу менен бааны чыгарсаңыз болот", — деди Парий.
Мындан тышкары, адис эмгекти баалоодо учурдагы экономикалык абалды, инфляцияны эске алуу маанилүү экенин кошумчалады.
Баланы тажатпаган спорт ийримин кантип тандоо керек? Машыктыруучунун кеңеши