Суучул Дастан Камчыбеков Азия Паралимпиада оюндарына жолдомо алды

Паралимпиадалык спортчу Италияда өткөн пара сууда сүзүү боюнча турнирде төртүнчү орунду ээлеп, нормативди аткарган.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Кыргызстандык Дастан Камчыбеков Азия Паралимпиада оюндарына жолдомо алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.
Ага ылайык, паралимпиадалык спортчу Камчыбеков Италиянын Линьяно-Саббьядоро шаарында өткөн пара сууда сүзүү боюнча дүйнө сериясында 4-орунду ээлеген.
Мелдештин жыйынтыгы менен атлет быйыл өтө турган Азия Паралимпиада оюндарынын нормативин аткарган. Аталган турнирге 42 өлкөдөн 400дөн ашуун спортчу катышканы айтылды.
Азия Паралимпиада оюндары 9-15-октябрь күндөрү Кытайдын Ханчжоу шаарында өтөт.
Радио
Камчыбеков: көзүм көрүп турганда айланага көп көңүл бурбаптырмын