Улуттук банк рубль курсун эмнеге Bloomberg боюнча аныктап жатканын түшүндүрдү

Мурда расмий курс Москва биржасындагы сооданын негизинде аныкталчу.
Sputnik
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Улуттук банк рублдин расмий курсун эмне себептен Bloomberg жана Reuters боюнча аныктап баштаганын түшүндүрдү.
Белгилей кетсек, мындай чечим өткөн жумада кабыл алынган болчу.
Башкы банктын расмий өкүлү Аида Карабаеванын айтымында, мурда расмий курс Москва биржасындагы сооданын негизинде аныкталчу. Бирок ал биржага бир катар чектөөлөр киргизилгенине, ошондой эле башка учурларга байланыштуу курсту аныктоочу чыныгы суроо-талап толугу менен чагылдырылбай жатат. Ушуну эске алуу менен убактылуу чечим чыгарылды.

Расмий курс деген эмне?

Буга чейин Улуттук банк эсептешүүлөрдө колдонуу максатында чет элдик валюталардын сомго карата курсун аныктай турганын билдирген.
Эреже боюнча расмий курс бажы төлөмдөрү, салык жыйымдары, бухгалтердик эсеп жана башка эсептешүүлөрдө колдонулат.
Радио
Мамытов: Улуттук банк санарип сом долбоорун иштеп чыгууда
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ банктары акчаны юань, КМШ өлкөлөрүнүн валютасында салууну сунуштоодо