Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Адамзат Украинадагы абалдан улам ачарчылыкка кабылышы мүмкүн

Учурда дүйнөдө ун экспортунун 10 пайызы жана жүгөрү сатуунун 15 пайызы Украинага туура келет. Россия буудай менен күнкараманы сыртка чыгарган ири мамлекеттердин бири.
Sputnik
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Россия менен Украина унду сыртка сатууну токтотсо, дүйнөнүн бир катар аймагы азык-түлүк жетишсиздиги менен ачкачылыкка кабылат. Бул тууралуу Британиянын The Guardian гезити жазды.
Украинадагы кырдаалга байланыштуу дүйнөдө азык-түлүк кымбаттады. Акыркы жолу ири финансылык кризис 2008-жылы катталган. Россия менен Украина азыктарды сыртка чыгарууну токтотсо абал мындан да татаалдашып кетиши мүмкүн.
БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын башкы экономисти Ариф Хусейндин айтымында, буудай менен мунайдын баасы көтөрүлүп баратат.
Азык-түлүккө болгон баа Украинадагы кырдаал курчуганга чейин, коронавирус пандемиясы менен климаттык кризистин фонунда жогорулаганы байкалган.
Учурда дүйнөдө ун экспортунун 10 пайызы жана жүгөрү сатуунун 15 пайызы Украинага туура келет. Россия буудай менен күнкараманы сыртка чыгарган ири мамлекеттердин бири. Ошол эле учурда Кара деңиз аймагындагы буудайдын 40 пайызы Жакынкы Чыгыш менен Африкага жөнөтүлөт. Бул өлкөлөрдө да азык-түлүк кескин кымбаттады.
Кризистин бул түрү табигый факторлор менен да шартталып жатканы белгиленди. Маселен, өткөн жылы буудайды экспорттоо боюнча лидер өлкө Канада кургакчылыкка кабылган. Мындай көйгөйлөр Латын Америка менен АКШда да болуп, токойлор өрттөндү. Австралияда учурда суу ташкындар токтобой жатат, мунун кесепети айыл чарбага тиери кооптондурууда.
Ушул тапта ачарчылыкка Чыгыш Африка жакындады. Жаан-чачындуу мезгил эгин талааларын кыйратып, малдын кырылышына алып келди, ошондой эле суунун жана жайыттардын тартыштыгы жамааттар арасында келишпестикти жаратууда. БУУ бул аймакта тез арада гуманитардык чаралар көрүлүшү керектигин айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Европа санкциялардын залалын азайтуунун жолун издөөдө. Азырынча таба элек
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Москва менен Киевдин сүйлөшүүсү 14-мартка белгиленди