ШКУ Интерпол менен террорчулукка каршы күрөшмөй болду

Тараптар аймактын коопсуздугуна коркунуч жараткан чет элдик согушкер-террорчунун маршрутун аныктоо, аларды издөө ыкмасы жаатында тажрыйба бөлүшүү мүмкүнчүлүгүн да талкуулашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Шанхай кызматташтык уюмунун Аймактык террорчулукка каршы түзүмү менен Интерпол террорчулукка каршы күрөшүү боюнча биргелешип иштешүү планын даярдоодо. Бул тууралуу ШКУнун маалымат кызматына таянып РИА Новости билдирди.
Билдирмеге караганда, ШКУнун Аймактык террорчулукка каршы түзүмүнүн директору Руслан Мирзаев менен Интерполдун контртерроризм боюнча директору Грегори Хайндс эки уюмдун ортосундагы меморандумдун алкагында кызматташуу маселелерин талкуулашкан.
Тараптар аймактын коопсуздугуна коркунуч жараткан чет элдик согушкер-террорчунун маршрутун аныктоо, аларды издөө ыкмасы жаатында тажрыйба бөлүшүү мүмкүнчүлүгүн да талкуулашкан.
Эске салсак, 2014-жылдын ноябрь айында ШКУнун Аймактык террорчулукка каршы түзүмү менен Интерпол террорчулукка каршы күрөшүү маселелери боюнча эки уюмдун кызматташтыгын кеңейтүү меморандумуна кол коюшкан.
Лавров Россия менен Кыргызстандын алакасындагы маанилүү учурларды атады