БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 14-мартта, бизнес өкүлдөрү менен жолугуп, анда "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс жөнүндө" мыйзам долбоору талкууланды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Жолугушууга айыл чарба, курулуш, туризм жана башка бир топ экономикалык ишмердүүлүк тармактарынын өкүлдөрү катышып, экономикадагы азыркы абал кеп болгон.
"Мамлекет башчы "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс жөнүндө" мыйзам долбоору көмүскө экономиканын үлүшүн кыскартууга, активдердин сакталышын камсыздоого жана алардын ээлерин мамлекеттик органдардын куугунтугунан коргоого багытталганын белгиледи", — деп айтылат маалыматта.
Садыр Жапаров иштелип чыккан долбоордун бир катар өзгөчөлүктөрүн атап, анын ичинде кылмыш куугунтугунан коргоо жаатында мамлекеттик кепилдиктер бекемделгенин белгилеген.
"Бул мыйзам өлкө тарыхында беш жолу кабыл алынган. Бирок ошол беш жолу кабыл алынган мыйзамдын бири да ар кандай жагдайлардан улам тийиштүү натыйжасын берген эмес. Ал эми бүгүн сиздер менен талкуулап жаткан мыйзам долбоору мамлекет тарабынан кол тийбестиктин бардык кепилдиктерин камсыздай тургандыгын белгилеп кетүү керек", — деген президент.
Жолугушууда Өмүрбек Бабанов, Аскар Салымбеков, "Шоро" компаниясынын негиздөөчүсү Жумадил Эгембердиев, "Үмүт жана К" ЖЧКсынын башкы директору Кайрат Абдуллаев, "Бишкек курулуш" өндүрүштүк-курулуш фирмасы" ААКтын башкы директору Аскар Молдобаев, "Кыргызцентрпродукт" ЖЧКсынын директору Манас Белошаров, "КАС технолоджис" ЖЧКсынын башкы директору Акылбек Мамыров мыйзам долбоору боюнча сунуш-пикирлерин айтып, анын өз убагында кабыл алынышы керектигин белгилешкен. Президент Садыр Жапаров бизнес өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип, мамлекеттик органдарга тийиштүү тапшырмаларды берди.
Жыйынтыгында Садыр Жапаров башында турган мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана ата мекендик ишкерлер ниет протоколуна ("мырзалар келишими") кол коюшкан.