БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Нарын облусунун аймагында азык-түлүктүн баасын көзөмөлгө алуу үчүн жарманкелер уюштурулат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүн облус жетекчиси Сабыркул Ашимбаев онлайн-жыйында азык-түлүктүн баасын көзөмөлгө алып мониторинг жүргүзүү үчүн бардык райондордун акимдерине жана шаар мэрине тапшырмаларды берген.
Ал кээ бир соода түйүндөрү бааны көтөрүү максатында ун, май, кумшекер сыяктуу керектүү азык-түлүктөрдү сатыкка чыгарбай кармап отурганы тууралуу айткан. Бул маселени чечүү максатында дүң соода кылгандар менен сүйлөшүп, жер-жерлерде азык-түлүк жарманкелерин уюштурууну тез арада колго алууну милдеттендирди.