Донбасстагы балдардын сүрөтүнөн Бишкектеги хоккейге чейин. Апта ирмеми

Австралиядагы суу ташкын, Париждеги көз күйдүргөн мода жумалыгы, Кытайда тоңуп бараткан көлдө сууга түшкөндөр... Sputnik Кыргызстан узаган аптада дүйнөдө болуп өткөн окуялардын сүрөт түрмөгүн сунуштайт.
Sputnik
1 / 19

Париждеги мода жумалыгындагы Valentino Ready To Wear коллекциясынан кийинген моделдер

2 / 19

Сантьягодо аялдардын эл аралык күнүндө нааразычылыкка чыккан айымдар

3 / 19

Гонконгдо көл жээкте бет капчан күнгө күйүп жаткан киши

4 / 19

Москвадагы Арбат көчөсүндө сүрөт көргөзмөнү караган кыз. Анда Донбасста аскердик аракеттер болуп жаткан аймактагы балдардын сүрөттөрү чагылдырылган

5 / 19

Австралиянын Виндзор шаарындагы суу ташкыны 21 кишинин өмүрүн алды. Тургундар кайык менен кургак жерге чыгып жаткан кез

6 / 19

Жалаң айымдардын кызыл бут кийими тизилген инсталляциянын жанындагы кичинекей кыз. Бул 8-мартта Албанияда аялдарга карата зомбулукту токтотуу максатында уюштурулган

7 / 19

Мексикадагы Сан-Хуан майрамында атылган фейерверк

8 / 19

Түндүк Кореядагы ат оюндарынын ачылышындагы жигиттер

9 / 19

Сартана айылындагы Донецк эл республикасынын элдик милициясы

10 / 19

АКШдагы New York City Ballet солистинин концертке даярдыгы

11 / 19

Кытайда сууда сүзүүнүн ышкыбоздору тоңуп бараткан көлдө 8-мартты ушинтип майрамдады

12 / 19

Лондондо чочконун өзгөчө скульптурасын тиктеген аял

13 / 19

Кыргызстандын улуттук курама командасы IV дивизиондогу хоккей боюнча дүйнө чемпионатында атаандаш төрт команданы тең утуп, кийинки үчүнчү дивизионго өттү

14 / 19

Аргентинада өкмөттүн эл аралык валюта фонду менен келишимине каршы митинг

15 / 19

Улуу Британиядагы иттердин көргөзмөсүнө пудель тукумундагы итин алып келген аял

16 / 19

Пекиндеги Кышкы Паралимпиада оюндарынын жабылыш аземинин катышуучулары. Байге алуу боюнча алдынкы үчтүккө Кытай, Украина жана Канада кирди

17 / 19

Леди Гага Британиянын BAFTA кино академиясынын сыйлык тапшыруу аземинде

18 / 19

Венесуэлада эркек киши реабилитация борборунда тырмактары айласыздан алынган сүт эмүүчү жаныбарды көрсөтүп жатат

19 / 19

Германиядагы жел тегирмендер. Күн кызарып чыгып келе жаткандагы сүрөт

Тема боюнча:
Эки пилдин кармашынан тарта. Nature Photography Awards сынагынын сүрөттөрү
Сыймык, сыйлык, жеңиш! Хоккей боюнча дүйнө чемпионатынан 14 сүрөт