Равшан Сабировдун ордуна Мейкинбек Абдалиев депутат болуп келди

Абдалиев VI чакырылыштын депутаты болуп бир жылдан ашыгыраак убакыт иштеген.
Sputnik
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясынын тизмеси менен Мейкинбек Абдалиев Жогорку Кеңештин депутаты мандатын алды.
Ага бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы белгиленген үлгүдөгү ырастама жана төш белги тапшырды. Ал VI чакырылыштын депутаты болуп бир жылдан ашыгыраак убакыт иштеген.
Абдалиев Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалган Равшан Сабировдун ордуна келди.
БШК Эльвира Сурабалдиевага Жогорку Кеңештин депутатынын мандатын тапшырды