Бишкекте ири өнөр жай көргөзмө-жарманкеси ачылат

Иш-чара 23-марттан 1-апрелге чейин созулат. Программа көргөзмө жана жарманке деген эки бөлүктөн турат.
Sputnik
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Бишкекте EXPO EURASIA – KYRGYZSTAN 2022 ири өнөр жай көргөзмө-жарманкеси ачылат. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасы билдирди.
Иш-чара 23-марттан 1-апрелге чейин созулат. Программа көргөзмө жана жарманке деген эки бөлүктөн турат. Жарманке 25-мартка чейин өтүп, ага ЕАЭБ мамлекеттеринин өкүлдөрү катышары белгиленди.
"Коноктор курулуш, дизайн, интерьер, транспорт, логистика, лизинг, энергетика, өрт жана техникалык коопсуздук тармактары, банк, камсыздандыруу компанияларынын кызматтары менен тааныша алат. Көргөзмөнүн жалпы аянты эки миң чарчы метрди түзөт", — деп айтылат маалыматта.
Көргөзмөнүн максаты — ата мекендик жана чет элдик сапаттуу продукция менен кызматтарды ички, тышкы рыноктордо алдыга жылдыруу, Евразия өлкөлөрүнүн ортосунда экономикалык, илимий-техникалык, маданий кызматташууну илгерилетүү болуп эсептелет.
"Көргөзмөдөн соң дароо эле 26-марттан 1-апрелге чейин элдик колдонуудагы товарлардын жарманкеси өтөт. Меймандарга эмерек, тамак-аш, суусундук, бал продукциясын, тиричилик буюмдарды, жеңил өнөр жай продукция өндүрүүчүлөрдөн түз, базардагыдан төмөн баада сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт", — деди Соода-өнөр жай палатасынан.
Көргөзмө-жарманкенин дареги: Бишкек ш., "АЮ-Гранд" соода борбору, Чолпон-Ата көчөсү 2, (Горький көчөсү менен кесилишет).
Көргөзмө-жарманкеде Бизнес-акыйкатчы институту маалыматтык сессия өткөрөт. Темасы: "Бизнес-акыйкатчы: жеке ишкерлердин укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакчысы". Бардык каалоочулар бул иш-чарага 24-март күнү Expo Eurasia – Kyrgyzstan 2022 алкагында катыша алат. Башталышы: 11:00.
Кыргыздын азыгына, маданиятына кызыккан арабдар. Эр-Рияддагы көргөзмөдөн видео