MegaCom компаниясынын экс-жетекчиси Акылбек Жамангулов камакка алынды

Альфа Телеком ЖАКнын (MegaCom соода маркасы) мурунку жетекчиси Акылбек Жамангулов. Архив
Жамангулов 12-март күнү кармалганын Башкы прокуратура маалымдаган болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Бишкектин Биринчи май райондук соту "Альфа Телеком" ЖАКнын (MegaCom соода маркасы) мурунку жетекчиси Акылбек Жамангуловдун баш коргоо чарасын тандап, эки айга камакка алуу чечимин чыгарганын кабарлады.
Эскерте кетсек, Жамангулов 12-март күнү кармалганын Башкы прокуратура маалымдаган болчу.
Ал бирөөнүн ири суммадагы мүлкүнө ээ болуп алган деп шектелүүдө. Соттун чечими менен Юстиция министрлигинин алдындагы ЖАМКтын № 21 мекемесинде 12-майга чейин кармалары айтылды.
Жамангулов аталган компанияны 2018-жылдан 2021-жылга чейин жетектеп келген. Былтыркы жылдын март айында жумуштан кеткен. Ага чейин Жогорку Кеңештин депутаты болчу.
Колуна кишен тагылган киши. Архивдик сүрөт
Ташиевдин өкүл баласы ишкерден опузалап акча талап кылды деп кармалды. Видео