Нурсултан Назарбаевдин инисинин баласы камакка алынды

Кайрат Сатыбалды уулу – Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин Сатыбалды Назарбаев аттуу инисинин уулу.
Sputnik
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Казакстандын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу жана "Казактелеком" ишканасынын ири суммадагы каражатын уурдоо боюнча кылмыш ишин иликтеп жатат. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

"Аталган кылмыштарды жасоого шектелип Кайрат Сатыбалды уулу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", – деп айтылат маалыматта.

Сатыбалды уулунун мамлекеттин коопсуздугуна шек жараткан башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу текшерилип жатат. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн кененирээк маалымат берилген эмес.
Кайрат Сатыбалды уулу – Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин Сатыбалды Назарбаев аттуу инисинин уулу.
Казакстанда кумшекер талашып чуу түшкөн элдин видеосу. Бийлиги эмне дейт