Өмүрүн искусствого арнаган 81 жаштагы дирижер азыр Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестрин башкарат. Залкар талант менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы маек курду.
— Балалыгыңыз согуштун оор жылдарына жана андан кийин кыйын кезеңге туш келген экен. Ал кезде ыр, бийди кой, эл эптеп курсагын тойгузуунун айласын издешкен да. Сиз кантип музыкага аралашып калгансыз?
— Атам аскерге кеткенде мен алты айлык чүрпө болчу экенмин. Ал фронттон бир жылдан кийин кайра келиптир. Ошол жылдар чындыгында эл үчүн кыйын мезгил болгон. Биз кичинекей болгонубузга карабай талаадан машак терип, төгүлүп калган буудайды чогултуп чоңдорго жардам берип өстүк. Кийин мектепте окуп калган жылдары айылдаш агаларды ээрчип комуз, мандолина черткенди үйрөнгөм. Айылга кино келгенде эл чогултуу үчүн Мыскал Өмүрканова, Токтосун Тыныбеков, Жумамүдүн Шералиевдин обондорун жаңыртып койчу. Мен алардын чыгармаларын угуп алып, үйдөн чертип калчумун. Кийин филармонияда иштеп алгачкы "Бульварымдын" обонун чыгаргам. Ал эмгегим азыркыга чейин ырчылардын оозунан түшпөй келүүдө. 1967-жылы биринчи кыргыз эстрадалык ансамблин түзүп, ага эстрадалык жанрдагы чыгарма керек болуп жазгам. Аны биринчи жолу 1968-жылы Айша Базарбаева ырдап чыгып эл оозуна алынып калгам.
— Сиз алгачкы жолу филармониянын босогосун аттаган жылы Москвада Кыргыз искусствосунун жана адабиятынын экинчи декадасы уюштурулуптур. Сиз ал иш-чарага катышкансыз да?
— Ооба, филармониянын босогосун алгачкы жолу 17 жашымда аттагам. 1958-жылы Москвада Кыргыз искусствосунун жана адабиятынын экинчи декадасы өтмөк. Мен жаш болгонума карабай анын курамына киргем. Ал жылдары бизде музыканттар жетишпей, мен эл аспаптар оркестрине кабыл алынгам. Аталган декадага бир топ залкарлар катышкан. Азыр эстесем, алардын арасында театр, радиодо иштегендер, акын-жазуучулар, Карамолдо Орозов, Чалагыз Исабаев, Ыбрай Туманов, Шекербек Шеркулов, Насыр Давлесов бар болчу. Эки поезд менен 2000дей искусство өкүлү Москвага жеткенбиз. Эл бизди жакшы кабыл алып, эл аспаптар оркестри он күн катары менен мекемелерди кыдырып концерт койгонбуз. Ал күндөр азыркыга чейин эсимде.
— Ошондон бери куттуу жерде иштеп жатканыңызга 60 жылдан ашкан экен да?
— Ортодо армияга бардым, институтта эки жылдай билим алдым, бир жылдай маданият үйүндө иштедим. Кийин 1977-жылы дирижерлукка өтүп, ошондон бери бул жакта иштеп келем, жалпы 60 жылдай болуп калыптыр. Негизи оркестрде иштөө абдан кызыктуу. Ар бир солист менен иштешмей, ага ылайыктап аткара турган чыгармасын оркестрлештирип, аранжировка кылып бериш керек. Союз маалында болсо, бир нече айлап командировкага кетип, элди ыр-күүгө бөлөп концерт берчүбүз. Азыркы убакта каражатка байланыштуу антип чыга албай калдык. Ошондуктан көп убактыбыз филармонияда өтөт. Анткени филармонияда өткөн концерттердин көпчүлүгүнө Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестри катышат.
Жумалиев: Союз маалында бир нече айлап командировкага кетип, элди ыр-күүгө бөлөп концерт берчүбүз. Азыркы убакта каражатка байланыштуу чыга албай калдык
— Филармонияда узак убакыт иштеп бир топ залкарлар менен баарлашып калдыңыз да. Ал кезде эл чыгармачыл инсандарды кандай кабыл алчу эле?
— Биздин оркестр элди кыдырып, ар бир үч ай сайын облустарга барчубуз. Ошондо биз менен чогуу акындардан Эстебес Турсуналиев, Тууганбай Абдиев, Токтосун Тыныбеков, Ашыраалы Айталиев, манасчылардан Уркаш Мамбеталиев, аткаруучулардан Мыскал Өмүрканова көп жүрдү. Эл бизди жакшы кабыл алып, концертибизди көрүп эс алып калышчу. Ал кезде азыркыдай техника жок. Эгер болгондо, ошол залкар инсандардын укмуш өнөрлөрүн тартып алмак экенбиз. Себеби төкмө акындарыбыздын бир айыл менен экинчи айылда төккөнү окшошчу эмес. Мисалы, Осмонкул Бөлөбалаев карапайым элди аралап, башкармага кирип колхоздо ким мыкты, ким жалкоо экенин сураштырып сахнага чыкканда жергиликтүүлөргө тийишип ырдачу экен. Башкарма, партиянын кызматкери 60тай адамдын ысымын айтып берсе, төкмө кечинде бирин калтырбай, алардын жанында чогуу иштеп жүргөндөй эле мактап, уят кылып ырдаган. Ал кишинин эс тутуму аябай күчтүү болгон дешет. Кечинде бизди козусун союп, дасторконун жайып тосуп алышчу. Эгер 30 киши барган болсок, ондон үч үйгө же бештен алты үйгө бөлүп кетишчү. Жайкысын эл көп чогулганда ачык асман алдында эле концерт берчүбүз. Анан биз башкалардай эле план аткарчубуз, жогору жактагылар кышында Казакстандын Кенес-Анархай жайлоосундагы кыргыз чабандарга чейин жиберчү. Ал жерге барсаң беш чабан үй-бүлөсү менен мал багат. Ошол беш-алты түтүн үчүн ондогон артист атайын узак жол жүрүп барып, суукта тондорду кийип алып боз үйдүн ичинде концерт уюштурчубуз.
Жумалиев: жазылган обондорду азыр четинен оркестрлештирип элге сунуштап жатабыз
© Sputnik / Табылды Кадырбеков TABA_Kadyrbekov
— Угармандарга сунуштала элек чыгармалар көп болсо керек. Композиторлук менен дирижерлукту айкалыштырып кетүү кыйынбы?
— Жазылган обондорду азыр четинен оркестрлештирип элге сунуштап жатабыз. Буюрса ал-күч барда акырындап чыгарып турабыз. Мен кээде обонго карата текст издейм же текстке карата обон жазам. Айрым обондор жазылып узак убакыт туруп калат. Кийин аткаруучу ырдап чыкса багы ачылгандай болуп кубанып калам.
Дирижер — оркестрдин атасы. Ал бардык музыкалык аспаптардын түзүлүшүн, мүмкүнчүлүгүн, үнүнүн кооздугун, жаңырыгын билиши керек. Анткени дирижер чыгарманы оркестрлештиргенде, аранжировка кылганда музыкалык аспаптарды бөлүштүрөт. Бул кесипти аркалаган адамдын билими күчтүү болушу керек. Зарыл болгон учурда музыканттарга чыгарманы аткарганды үйрөтөбүз. Кагазда жазылган нотанын жаңырышына жараша композитордун эмгегин иштеп чыгабыз. Кээде төрт сап обонду оркестрге салганга бир жума же бир ай убакыт кетет. Элестүү айтсам, аны шөкөттөп, сулуулап, чапан кийгизип эл алдына чыгарабыз.
— Кээде чыгармаларыңызды аткаруучулар начар же туура эмес ырдап койсо маанайыңыз түшүп калбайбы?
— Андайлар болот. Эгер алар бизге келип ырдайын деп жаттым эле, аткарганымды бир угуп берип коюңузчу десе, кубануу менен жардам бергенге аракет кылабыз. Бирок антип келбейт, акылдашпайт. Бир жерден угуп алып ырдап, жакшынакай обонду бузушат. Негизи андай болбойт, обончу чыгаргандай ырдашса жакшы болот эле. Үнү жакшы, аткаруучулук чеберчилиги жогору ырчылар биздин обондорду эл алдына чыгарса кубанабыз. Биз менен кеңешкен, акылдашкан ырчылар өтө аз. Кээде өзүнүн аткаруусу менен маанайыбызды түшүрүп койгон учурлар да болот, чыгармага үнү туура келбей калат.
Жумалиев: үнү жакшы, аткаруучулук чеберчилиги жогору ырчылар биздин обондорду эл алдына чыгарса кубанабыз
— Кыргызстандагы композитор, дирижерлордун ичинен кимдерди баалайсыз, арасында көптү үмүттөндүргөн жаштар барбы?
— Кезинде Калый Молдобасанов, Насыр Давлесов, Таштан Эрматов, Аскар Түлеев, Акмат Аманбаев өңдүү улуу композиторлор иштешкен. Алардын көпчүлүгү Москвадан билим алып келген таланттуу инсандар болгон. Улуулардан дагы Сатылган Осмонов бир-эки опера жазган. Жаштардан композитор Муратбек Бегалиев, дирижер Эсенгул Жумабаевдин бир-эки операсы бар. Симфониялык оркестрде Рахат Осмоналиев, консерваториянын эл аспаптар оркестринде Бакыт Тилегенов дирижерлук кылышууда. Жалпы дирижерлор көп эле, бирок санай келгенде аз болуп калат. Албетте, баарыбыз Пётр Чайковскийге жетпейбиз. Ал үчүн мыкты билим алып, накта пианист болуш керек. Келечекте жаштардын арасынан чыгаан дирижерлор чыгат го деген үмүт бар.
— Өмүрүңүздүн көпчүлүк бөлүгүн маданиятка арнадыңыз. КРдин эл артисти, Абдылас Малдыбаев атындагы сыйлыктын лауреаты, III жана II даражадагы Манас орденинин кавалерисиз. Ушул наам, сыйлыктар жаңы чыгармаларды жаратууга шыктандырабы?
— 2016-жылы III даражадагы Манас орденин алгам, беш жылдан кийин II даражасын беришти. Бул ордендер жогорку мамлекеттик сыйлыктарга кирет. Булардан жогору I даражадагы Манас ордени менен Ак шумкар өзгөчө белгиси гана турат. Эмгегибиз жакшы эле бааланып жатат. Чыгармачыл инсандарды шыктандырып, дем-күч берип турганга наам, сыйлык жакшы стимул. Маанай да көтөрүлүп, көңүлдүү иштейсиң.
Жумалиев: көп кыймылдаган адам көп жашайт делет экен. Жумушка келе жатып бир топ басам, иште бир жерде эле отура бербей кыймылдайм, кечинде да жөө басам
© Фото / из семейного архива Сардарбека Жумалиева
— Сиз пенсияга чыкканыңызга карабай 81 жашыңызда иштеп жүрөсүз. Балким мунун сырын башкалар менен бөлүшө кетесиз?
— Филармониянын жетекчилери да жаштарга акыл-наасатыңызды, кеп-кеңешиңизди айтып, чыгармаларыңызды элге тартуулап иштей бериңиз деп жатышат. Бир чети азыр бул жактагылардын эң улуусу мен болуп калыптырмын. Иштеп тургандын өзү ден соолукка жакшы. Бул жерге келгенде кичине жоопкерчилик болгондуктан өзүмдү тың сезип калам. Негизи көп кыймылдаган адам көп жашайт делет экен. Жумушка келе жатып бир топ басам, иште бир жерде эле отура бербей кыймылдайм, кечинде да жөө басам. Ошентип басып туруу жакшы экен. Андан сырткары, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде балдарга дирижерлук боюнча сабак берем. А биз жалкоолонуп кыймылдабай коюп жатпайбызбы. Албетте, адам кудай берген жашты жашайт. Ошол өмүрдү жакшы өткөрөйүн, үй-бүлө, бала-бакыра менен бактылуу болоюн деп тилек кылат.