Кыргызстанда доллар сатууга тыюу салынышы мүмкүнбү? Улуттук банктын жообу

Россияда чет элдик валюта менен операция жасоого чектөө киргизилди.
Sputnik
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Кыргызстанда чет элдик валюта менен операция жүргүзүүгө чек коюуга негиз жок. Бул туурасында Улуттук банк Sputnik агенттигинин сурамына берген жообунда билдирди.
9-мартта Россиянын Борбордук банкы чет элдик валюта менен операция жасоого чектөө киргизген. Ага ылайык, жарандар салымдарынан 10 миң долларга чейин гана чыгара алышат, калганын конвертациялап рубль түрүндө берет. Жаңы валюта эсеби менен салымдардан акчаны рубль менен гана алууга болот, банктар валютаны накталай түрдө сатпайт.
Кыргызстандын Улуттук банкы АКШ жана Евробиримдиктин Россияга карата санкцияларды киргизгенин эске салды. Тагыраак айтканда, Борбордук банктын алтын валюта резервин колдонуу мүмкүнчүлүгү чектелип, РФтин айрым ири банктары менен операция жүргүзүүгө тыюу салынган.
"Ушул санкцияларга, ошондой эле валюта рыногундагы олку-солку кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын банктарында россиялык банктар менен доллар жана евро түрүндө операция жасоодо кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн. Батыш өлкөлөрүнүн санкциялары башка жактан Кыргызстандын финансы системасына таасир этпейт. Улуттук банк рынок механизминин негизинде валюта курсун түзүүнүн эркин режимин карманат. Андыктан Кыргызстанда чет элдик валюта менен операция жүргүзүүгө чек коюуга негиз жок", — деп түшүндүрдү башкы банк.
Белгилей кетсек, кечээ Улуттук банк Кыргызстандан сыртка доллар чыгарып кетүүгө тыюу салган.
Улуттук банк доллар менен кредит берген банктарга сунуш киргизди