Кыргызстан Казакстандын түштүк аймактарына суу берери айтылды

Смаилов Казакстандын Энергетика министрлигине өлкөдө электр энергиясынын тартыштыгы жаралышына жол бербөөнү жана мыйзамсыз майнингге катуу чара көрүүнү тапшырды.
Sputnik
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Казакстандын түштүк аймактары кыргыз-казак макулдашуусунун алкагында суу ресурстары менен камсыздалат. Казакстандын премьер-министринин сайтындагы маалыматка караганда, бул тууралуу премьер-министр Алихан Смаиловдун катышуусунда өткөн Суу кеңешинин биринчи жыйынында белгилүү болгон.
Маалыматта эки жакка пайдалуу шарттардын негизинде электр энергиясы жана суу менен камсыздоо боюнча товар алмашуу келишими макулдашылганы белгиленди. Бул боюнча толук маалымат азырынча бериле элек.
"Казакстандын түштүк аймактарын суу менен камсыздоо — башкы маселе. Социалдык тынчтык жана жарандардын бакубат жашоосу өкмөттүн негизги максаты", —  деди Смаилов.
Ал ошондой эле Казакстандын Энергетика министрлигине өлкөдө электр энергиясынын тартыштыгы жаралышына жол бербөөнү жана мыйзамсыз майнингге катуу чара көрүүнү тапшырды.
Быйыл Айланма Чүй каналы жана үч суу кампа курулат