Жаралгандан жаңсап, серелеп, тарбалаңдап, азыктанып, жазып, жасап, колубуз менен тирүүлүккө умтулуп келебиз. Кээде карап кир болгонун, май болгонун, бырышканын, шишигенин, карттанганын, чор болгонун көрөбүз, аяйбыз. Бирок кол турмуш туткасы, киши тагдыры, барлыгы экенин аңдайбызбы...
Тизгин жаяр
Жаратуучунун деминен жаралган жан кудай берген кутун колуна уучтай түшсө керек. Андай болбосо, акыл жетип-жетпеген дүйнөгө жарашып, адам колунан керемет кооздуктар кайдан жаралмак. Алганды билген колдун бере алары да чын дейсиң. Бирок кээде жан жаралып жатканда шашып кетип, кутун учуруп алабы не... Антпесе бар бүткөн жаратылыш, жер дүйнө керемети киши колунан талкаланып жатканына да күбөбүз. Он эки мүчөнүн бири болгон кишинин колу тууралуу кеп казынасын чубай отуруп, колго токтоорлук иш болобу деп ойлодум.
Кишинин билгилиги башында болсо акылман болор, оозунда болсо чечен болор, белинде болсо күрөшчү болор, бутунда болсо жөө күлүк болор, эгер колунда болсо ал иш билги, уз же уста болор. Колубузда билгилик болбосо деле, болсо деле бу жарык дүйнөгө кармоочубуз кол эмеспи. Аны менен адеп жаралгандан эле тырмалаңдап жан сактоого, жашоого аракет кылып келет эмеспизби...
Кол тирликтин гана куралы эмес өңдөнөт. Колубуз менен жасаганды мойнубуз менен тартарыбыз чын болсо, колубуз биздин кишилигибиздин көрсөткүчү. Байыркы элдик билимде колго карата сын берүү, баа берүү кеңири колдонулган. Анын чындыгы канчалык экенине качандыр бир аныктама бериле турган болсо, анда "кишинин колу – кишинин тагдыры" деген сыпаттама да жарашат.
Колго карата сын
Бала "баа" деп жарык дүйнөгө келгенде эле колго алып, колун ачып караган экен кыргызда. Ошо ымыркай кезинде эле кандай киши болот, мүнөз-сапаты, жасай турган ишин колдун көрүнүшүнөн аңдап, кыраакы жандар баа бере билишкен экен.
Бала бир колун муштум кылып түйүп, экинчисинин алаканы ачык төрөлсө ак-караны аңдай турган, дүйнөнү таанып, ошол эле убакта дүнүйөгө ырахаттанып жашай ала турган, дөөлөт ээси, эл баштай турган киши болот экен дешкен.
Бала эки колун бош таштап, алакандары ачык, жайылып жатса "аа байкушум, акыркы ашын бей-бечарага берген ак көңүл, берешен болот экен, жаратканга жага турган жан тура" деп баа беришиптир.
Бала эки муштумун тең түйүп, өзү да түйүлүп алган болсо өзүмчүл, өзүн сүйгөн жан болот экен, мейличи, аман болсун деп коюшчу тура.
Колу шадылуу болсо сөөлөт күткөн сыпаа болор дешип, быртыгый болсо бай болор деп, алаканы чоң болсо табышкер, алаканы да чоң, манжалары да узун болсо эр мүнөз болор деп сын беришиптир.
Эркек баланын билегине баам салышып, билеги жоон болсо каруусунда кубаты бар, билегинде күчү бар, эл башына күн түшсө туу көтөрөт деп кубанышыптыр. Билеги ичке болсо акыл менен азык тапкан, акыл менен жан баккан уул болот тура деп ыраазы болушуптур.
Кыз наристенин билеги жоонуна карап барга-жокко бардаштуу, сабырдуу болор деп баа беришсе, билеги ичкесине бешенесинен болуп канга, бекке жубай болор деп тилешиптир.
Колунун манжалары ийилчээктерди уз-уста болот экен деп кубанышкан. Ар качандан бир качан кол эмгеги, кол ишмердиги бааланган.
Эми бул сыпаттамалар элдик билимдин бизге жеткенден жугу эмеспи, унутулуп калганы канча...
Колдун ишараты
Кишинин колун кандай алып жүргөнүнө карата да аныктама берип келген экен элибизде.
Эгерде колун көкүрөгүнө кайчылаштырып алса, карын ток, кайгы жок, көпкөн экен дешкен.
Колун бооруна алып келсе ашкере урматтоонун, жалынуунун белгиси катары саналган. Мындай мамиле улуктарга карата жасалган.
Колун артына алган каада күткөндүн, жашоону көрүп койгондун, турмушту жашап койгондун аныктамасы эле.
Колу менен бөйрөгүн таянуу жакшылыкка эмес делген, ошондуктан тыюу салынган (жакыны каза болгондо бөйрөгүн таянып өкүргөн).
Колу менен жаагын таянуу санаанын жосуну болгон. Ошондуктан санаага батып турган кишини да жаагын таянткан эмес.
Колун бош таштап баскан кишини ичинде кири жок, алпейим, ак жайдаңдыктын белгиси катары баалашкандыктан, балдарды колду бош таштап басууга тарбиялаган.
Учурашканда
Кош колдоп учурашуу сыйлагандыктын белгиси болгон, улуу, кадыр-барктуу кишилер менен ушундайча амандашкан.
Кош колдоп учурашып колунан өөп коюу — улуу байбичелердин жаш улан-кыздар менен учурашуусу, аларга алкоосун ыйгаруу.
Кош колдоп учурашып, ийнинен, каруусунан таптоо — улуу аксакалдардын жаштар менен учурашуусу, алкоо иретинде жасалган.
Кол кыса учурашуу сыр билги, дил билгилердин учурашуусу, "айтарым бар", "сагындым", "жай жолугалы" деген сымал маанилерди туюнткан.
Кол алыша учурашуу — достордун, жоро-жолдоштордун, курбалдаштардын учурашуусу, ылым санагандыкты, жакшы көрүүнү, достук ымала, мээримди айтып турган.
Колдун сырты менен учурашуу жактырбагандык, кек, ызанын бар экендиги, жактырбастык, жек көрүүнү аңдаткан. Бирок мырзалыгы бар, сыпайы жандар болор-болбос ички сезимдерин сыртка чыгарган эмес. Түбөлүгүн ойлогон кыргызда мындай нерселер арсыздык, алсыздык катары бааланган.
Колдун учу менен учурашуу бой көтөрүү, текеберленүү эле. Көрбөгөндөр көргөндө гана жасала турган жорук, нарк-насили пас, көргөн-өскөнү тайкы жандар жасайт деген түшүнүк жаштайынан аң-сезимге сиңгендиктен дээрлик болбой турган көрүнүш.
Колдун табы
Колум менен кармап көрүптүрмүнбү деген түшүнүк бар. Кээде көзүбүз көргөнү менен аңдап билмегибиз азап. Баарыбыз эле жаралгандан көрөгөчтүрбүз, анын кулпусун ар ким эле ача албайт да. Бирок колдун сезгичтиги ушунчалык, адеп кармаганда эле ары жагын аңдап коебуз. Туюп, билип алабыз. Бардык улуу, түптүү маданияттарда сакталып калган кол менен учурашып, кол менен коштошуу, убаданы кол менен бекитүү сындуу көрүнүштөр, анык боло турган нерсени кол менен ынандыруу, кол менен бекемдөө ошондон улам калса керек.
Кээ бир адам менен сүйлөшө келгенде оюңдагыдай, көзүнө үңүлсөң деле алдабагансыйт, анан эле кол бергенге келгенде эле денең дүр этет. Колуң түртөт, же муздак, же колго толумсуз, же бош, же колго токтобойт. Болбос иш экенин түбүндө туюп каласың.
Жан түгөйлөр бири-бирин адеп таанышканда эле колдорунан тааныйт дешет, кол сезет, кол билет дешет. Кол тийгенде эле жылуу илеп урунуп, анын мээри, дээри дене боюңду каптап, колунан кубат алгандай болосуң дешет, анын андай экенин чындап туйгандар да жок эмес арабызда.
Алтын колдор
Киши жашоосунда аны тапкан, баккан, алпештеп, ак жууп, тараган, эрезеге жеткирген эненин колу – алтын кол. Ал эч качан эстен чыкпайт.
Киши жашоосунда жанына кубат болгон, жароокери, алган жары, анын колу – алтын кол. Ар дайым өбөк-жөлөк кол, ар дайым алга сүрөгөн кубат кол, жылуу кол, оттуу кол, ал дагы абдан маанилүү.
Киши аруу болсо, кылган иши ак болсо, эл кадырын билген эр болсо Кыдыр атанын кол сунуп колдомогу бар дешет. Ырас анын колун кармагандар чанда. Бирок ал колдун кебездей жумшактыгын, чоктой таптуулугун, кардай актыгын, жылуу мээримин айтып бүтө алышпайт.
Сатып кетпеген ынанымдуу достун колу бек болот дешет. Кармасаң колго толот, ичиңде ишеним курчуйт дешет элдик айтымдарда. Анык достук каадасын тутунгандар танбас!
Тизгин жыяр
Көзүбүз коркок болгону менен колубуз баатыр, тоодойду томкоруп, үйдөйдү үйүп, жасай-жасай жашап келе жатабыз. Оорубузду колдон, жеңилибизди жерден алган жакындарыбыз бар. Колдошуп далай ишти арбытабыз. Улам-улам уланбай, ойлогондой болбосо ак кол болуп, жасабай коюшубуз да мүмкүн. Кемчиликсиз ким бар дейсиң, жакындарыбызга капа болгондо кол көтөрөйүн дегенибиз менен оң колубуздун ачуусун сол колубуз менен басабыз. Тандаган досторубуз же тагдырлаш түгөйүбүз жакшы чыкса, бакыт да, колубузга кол, бутубузга бут болот. Кээде андайлар жолукпай калат, сен жактырып достугуңду же жүрөгүңдү тартуу кылсаң сунган колуңду сумсайтып басып кетишет. Бирок жашоодо жакшылар көп, ар кандай кырдаалда кол сунуп турган, колдоп турган. Андайларды көргөндө сыйлагандан колуңду бооруңа алып жибересиң.
Колу билген усталар кездешет, уздар кездешет, кол өнөрүнө тамшанып, кол коесуң, көрүп калсаң колун кысып коеюн дейсиң. Кээде кыжырданасың, эч нерсе жакпай калат, учурашканда колу билги эле эмес, колу алтын болсо да колдун сырты менен түртүп салган учур болот.
Көңүлүң келбесе колдун учу менен көңүлсүз иш кыласың, бирок кызыңды казан-аякты балпылдап-салпылдабай колдун учу менен кармап оокат кыл деп тарбиялайсың, ананчы, аялзаты илбериңки болушу керек эмеспи, чиркин!
Айта турган сырың бар, кебиң бар кишиге көпчүлүк арасында кол кысып белги бересиң, жакын санаалашың менен кол кысып учурашасың, кордогон киши болсо кол кайрый билген да керек. Колдо иш болуп турганы жакшы. Көр тирилик колду байлап коет, аны менен акыйлашып отура бербей колу-жолу бош кишидей кээде ойго-тоого басып кетүү керек. Болбос ишти болтурам деп колуң карышып калганча кармаша бербей, кол шилтегенди да билиш керек. Курбу-курдаштар менен кол алыша учурашып, сагынычтарды жазып, шериктештер менен кол берише убадаларды бекемдешип, келишимдерге кол коюшуп ынанып, алыстагыларга жок дегенде кол булгалап кайдыгер эместигибизди билдирип, айласыздан катыша албай калсак кол куушуруп отуруп калат экенбиз. Кээде колубуз кычышып кетип бүткөн ишти ойрондоп алмайыбыз бар, андайда колубузду шак коюп отуруп калабыз да.
Ар ким алына жараша аракеттенет эмеспи, анткен менен ар иште кол башчылар маанилүү, ишти алып кете тургандар ошолор. Кол башчы болуу үчүн айрымдар кол топтошот, айрымдары, кишилерди колго ала билишет, өтө амалдуулар, адамдарды колго үйрөтүп алганын да көргөнбүз, көбүнчөсү кол бала, жакындарын ишке салышат, атаандаштык күч болсо колго салынат. Көпчүлүктүн колдоосуна ээ болгондору жеңишке жетмейи бар. Бирок учур таразалап, ашкере амалдуулар бар тапкан кадырынан да каржысынан да кол жууп калган учур да жок эмес.
Колубуздан келсе кол беришип, келбесе кол булгалашып амандашып туралы. Кол жоолук берип арзуубузду айта албасак да, азыркыдай шакек кармап колун сураган жан түгөйлөрдү барктайлы. Ар дайым жакындарыбыздын колдоп-коштоосунда, алган колдон эмес берген колдон болуп, колубуз билип, оң ишти жасап, оюбуз самаган бийликтегиге колубуз жетип, эсен бололу, колдо бар алтыныбызды барктап жашайлы!!!