Улуттук банк Кыргызстандан доллар алып чыгууга убактылуу тыюу салды

Долларды тышка алып чыгууга чектөө кечээ, 11-март күнү, саат 17:30дан тарта башталган.
Sputnik
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Улуттук банк долларды чет мамлекетке алып чыгууга убактылуу тыюу салганын билдирди.
Бул коммерциялык банктарга, алмашуу бюролоруна, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларга тиешелүү. Чектөө кечээ, 11-март, саат 17:30дан тарта башталган.
Мындай чара өлкөдө экономикалык коопсуздукту камсыздоо жана ички валюта рыногунда жагдайды турукташтыруу максатында көрүлүп жатат.
Кыргызстандын ЕАЭБдеги соода жүгүртүүсү январда 265 млн. долларга жетти