Түркмөнстанда президенттик шайлоо өтүп, анда президенттин уулу ат салышууда

Февралдын башында Калк Маслахатынын жыйынында президент Гурбангулы Бердымухамедов мамлекетти башкарууда жаш жетекчилерге жол бошотуу керектигин билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Түркмөнстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп жатат. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Бүгүн президенттик тактыга тогуз талапкер ат салышууда.
Өлкө боюнча 2,5 миңден ашык добуш берүү участоктору ачылган. Ошондой эле дүйнөнүн 30 мамлекетинде жашап жүргөн түркмөнстандыктар үчүн 41 шайлоо участогу иштөөдө.
Жергиликтүү убакыт менен саат 7:00дө эшигин ачкан участоктор добуш берүүчүлөрдү 19:00гө чейин кабыл алмакчы.
Белгилей кетсек, февраль айынын башында Түркмөнстан парламентинин жогорку палатасы Калк Маслахатынын жыйынында президент Гурбангулы Бердымухамедов мамлекетти башкарууда жаш жетекчилерге жол бошотуу керектигин билдирген болчу.
Мындан улам мөөнөтүнөн эрте шайлоо өткөрүү чечими кабыл алынып, ал 12-мартка белгиленген. Талапкерлердин бири — учурдагы президент Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердар Бердымухамедов.
20 жашында үйлөнгөн, аялы элге чыкпайт. Сердар Бердымухамедов тууралуу 9 факт