Россияга каршы санкциялардын айынан глобалдык сырье рыногун кандай абал күтөрү тууралуу ой толгогон Владислав Стрекопытовдун макаласы РИА Новости сайтына жарык көргөн.
Россиялык "эксклюзив"
Россия — сырьеге абдан бай мамлекеттердин бири. Табигый газ алуу жана экспорттоо боюнча биринчи орунда, ал эми мунайды сыртка сатууда экинчи сапта турат. Эксперттердин көпчүлүгү Москва Батышка ушундай эле санкциялар менен жооп кайтарып, энергетикалык ресурстардын экспорттун агымын бууп койсо, бул дүйнөлүк каатчылыкка кептейт деп эсептешет.
Мунай менен көгүлтүр оттон тышкары Россияда көмүр, темир кени, апатит, калий тузу, фосфорит, алмаз, жез, алтын, никель жана платиноид казылып, алюминий, титан жана хром эритилет. Булардын баары — экспорттун маанилүү беренелери.
Россия — алмазды өндүрүүчүлөрдүн алдыңкы сабында. Ал эми кобальт, ванадий жана платина боюнча экинчи, алтын, никель жана күкүрт багытында үчүнчү, күмүш жана фосфат боюнча төртүнчү, темир кени боюнча бешинчи орунда турат.
"Русал" — алюминий өндүргөн компаниялардын арасында лидер атыкса, "Норильский никель" никель жана палладий, ал эми "ВСМПО-Ависма" титан чыгарууда дүйнөдө алдына эч кимди салдырбаган компаниялардан.
"Россиядан металл экспорту тыйылса дүйнө чоң көйгөйгө тушугушу ыктымал, — дейт өнөр жай эксперти, экономикалык илимдердин кандидаты Леонид Хазанов. — Маселен, "Русал" компаниясына каршы салынган санкция АКШ жана Европа биримдигинде алюминий таңсыктыгына жана баалардын асмандашына алып келет.
Америкалык жана европалыктарга россиялык "канаттуу металл" кытай алюминийине алмаштырылышы өлүмгө тете. Себеби узак жылдар бою алар өз рынокторунан КЭРдин бул өндүрүмүн сүрүп чыгарууга жан үрөп келишкен. Никель, кобальт, платина жана палладий жаатындагы кырдаал андан да оор болушу ыктымал.
"Норильский никель" ишканасына каршы санкция аталган өндүрүм багытында иш алпарган чөйрөнү кыйсыпырга салат. Анткени анын ордун басар татыктуу өндүрүм жок. Бразилиялык Vale никелге болгон глобалдык суроо-талапты канааттандыра албасы бышык. Ал эми кобальтка түшкөн буюртманын баарын аткарууга япониялык Sumitomo корпорациясынын чамасы жетпейт. Платина жана палладий боюнча унчукпай эле коеюн. Натыйжада АКШ менен Европада дат баспаган болотту ширетүү, мунай өндүрүмдөрүн иштетүү жана автомобиль чыгаруу тармагы кыйрайт".
Бирок адистердин баары эле бул окумуштуудай кескин көз карашта эмес. "Россиялык өндүрүмдөр менен камсыздоодон баш тартылса, Батыш рыногу үчүн палладий, титан жана электролиттик хром жаатында гана кырдаал оор болушу ыктымал, — деп эсептейт минералдык-сырьелук ресурстар жана металлургия боюнча эксперт, техникалык илимдердин доктору Игорь Петров. — Бул өндүрүмдөр боюнча Россия дүйнөлүк рыноктун 25-35 пайызын ээлегендиктен кыска убакытта башка менен алмаштыруу абдан кыйын".
Анын айтымында, Россия палладийди АКШ, Япония, Германияга жана башка өнөр жайы өнүккөн өлкөлөргө экспорттойт. Бул элемент мунай крекингинде, органикалык синтез, ошондой электроникада катализатор катары колдонулат. Россиялык титанды Boeing, Airbus, Safran SA, Rolls-Royce авиа жана башка кыймылдаткычтарды жасоо тармагындагы дөө-шаа компаниялар сатып алышат. Электролиттик хром Россиядан АКШ жана Германияга экспорттолуп, анын негизинде өтө каныккан эритмелер өндүрүлөт.
"Калган түстүү металлдар боюнча Россиянын энчисине дүйнөлүк рыноктун беш-он пайызы туура келет. Алар жаатында Батыш компанияларынын жагдайы анчалык деле кейиштүү эмес, — деп кебин улайт эксперт. — Алардын экспортун азайтсак, РФ көбүрөөк зыян тартат. Алюминий, никель, жез менен камсыз кылууну тышкы рыноктон ичкиге которууга туура келет. Бирок ички рынок анчалык кең эмес. Натыйжада өндүрүш кыскарып, ишканалар жабылышы ыктымал".
Канада жана АКШ алюминийди өздөрү да чыгарат. Ал эми булардан башка мамлекеттерге бул металлды импорттоодо Россиянын ордун тез эле Кытай ээлейт. Никелдин ири кени Канадада, чакан кору Индонезияда бар. Жез боюнча Россия алтынчы орунда. Чили бул жаатта алдыда: аталган республиканын үлүшүнө дүйнөлүк рыноктун 35 пайыздан ашууну туура келет. Ал эми өндүрүштү көбөйтүүнүн машакаты деле жок.
"Металлургия үчүн Россия Европага экспорттоп келген сырьерлордун башка түрлөрү боюнча деле жагдай ушундай. Маселен, вольфрам концентратын Боливия камсыздай алат. Ал эми биз аны өлкө ичинде кайра иштеп чыгуу үчүн кубаттуулук түзүү менен алек болууга аргасыз болобуз", — деп болжойт Петров.
Эксперттер башка бир маселеде бирдей пикирди карманышат. Минералдык жер семирткичтерсиз Европага кыйын, алардын негизги бөлүгүн европалык рынокту Россия менен Беларусь камсызайт. Аларды өндүрүү үчүн табигый газ зарыл. Ал эми анын азыркы наркы менен бул багытты колго алууга бел байлаган ишканалар болду-болбоду, сызга отуруп калат. Ансыз да Европада бул багыттагы ишканалар саналуу.
"Ишин эптеп улап келе жаткан ишканалар деле керектөөнү толук канааттандыра алышпайт. Кошмо Штаттардан, Канада, Түндүк Африка жана Жакынкы Чыгыштан сатып алууга деле Европа биримдигинин чама-чаркы чакталуу. Эң эле көп дегенде хлордуу калий жана фосфориттердин импортун көбөйтө алышат. Бирок ал деле жеңил иш эмес, — деп эсептейт Леонид Хазанов. — Анын кесепетинен түшүм азайып, андай абал азык-түлүктүн тартыштыгы жана инфляциянын күч алышына кептейт. Россиялык өндүрүшчүлөр Кытай, Индия жана Латын Америкасына карай нугун буруп, ал жактагылар сатып алуудан баш тартышпайт".
"Кошмо Штаттар фосфордук жер семирткичтерди Россиядан сатып алат. Аларды өздөрүнүкү менен алмаштыра алары арсар, себеби сапаты алда канча начар", — дейт эксперт. Анткени Россияда фосфордук жер семирткичтер апатиттерден, ал эми АКШда фосфориттерден алынат. Фосфориттик жер семирткичтерге өтүү айыл чарба өндүрүмдөрүнүн сапатына чагылып, америкалык фермерлерди катуу убайымга салат.
Россиялык уран менен камсыздалбай калса АКШга кыйла эле кыйын болот. Бүгүнкү күндө америкалык атомдук электр станцияларынын жарымына жакыны уранды Россия, Казакстан жана Өзбекстандан алары маалым. Американын өзүндө уран кайра иштетилбейт. Ошол себептен Ак үй Россиядан импорттолчу энергетикалык сырьелор тизмегинен аны чыгарып койду.
Украинанын ролу
Россия сырьелук держава болгону менен бул мамлекетте да айрым жаратылыш ресурстары, биринчи кезекте металл жаатында таңсыктык да жок эмес. Бул негизинен санкцияларга кошулбаган же жарым-жартылай жактаган өлкөлөрдөн импорттоонун эсебинен толукталат. Мында Украинанын жагдайы бөлөк экени түшүнүктүү. Азырынча кырдаал анчалык так эмес, бирок эксперттер кандай болгон күндө да экспорт улана берерин боолголойт.
Украина титан камтылган жана циркондук концентраттарды эзелтен экспорттоп келет. Россиялык металлургиялык ишканаларда алардын үлүшү 2020-жылы 80 жана 50 пайызды түзгөн. "Мында жакында эле Сибирде ишке киргизилген Туганск тоо-кен байытуучу комбинатына үмүт артабыз. Бирок жаңы ишкананын өндүрүмүнө көнүп кетүү көпкө созуларын эстен чыгарбоо керек. Ошондой эле ширетүүчү электроддорду өндүрүүдө пайдаланылган рутил концентраты боюнча да көйгөй жаралышы мүмкүн", — деп белгилейт Игорь Петров.
Украиналык ишканалар россиялык компаниялар менен көп тараптуу да байланышкан. Мисалы, Николаев глиноземдик (алюминийдин оксиди) заводунан Россиядагы "Русалдын" алюминий заводдоруна түшүп, ал эми алар эриткен металл АКШга сатылат. "ВСМПО-Ависма" ишканасына Украинадан ильменит концентраты барат. Андан адегенде титан губкасы, андан соң прокат өндүрүлүп, АКШ жана Европанын авиа жана курулуш ишканаларына өткөрүлөт.
Дүйнөдө титан кендеринин чалгындалган корунун болжол менен 20 пайызы Украинага таандык. Россиядан тышкары бул мамлекет Кытай жана Түркияга да экспорттойт. 2020-жылы Украина дүйнөдө темир кенин экспорттоо көлөмү боюнча бешинчи орунда болчу. Ошондой эле галлий казууда экинчи, германий алууда бешинчи, титан боюнча алтынчы, ал эми марганец жаатында сегизинчи орунда. Неон боюнча Украина дүйнөдө биринчи сапта, себеби дүйнөлүк суроо-талаптын болжол менен жарымын канааттандырат. Камсыздоонун үзгүлтүккө учурашы электроника жана компьютердик техника чыгарган компаниялардын ишине кедергисин тийгизет. Анткени бул газ микрочиптер үчүн зарыл. Мындан тышкары, андан радиотехникалык буюмдар жасалып, суюк неон криогендик түзүлүштөргө куюлат. Мындай өндүрүш Одесса жана Мариуполдо жолго коюлган. Бул тармакта Россиянын өз ишканасы бар.
Эл аралык байланыштар үзүлөбү?
Россия Батышка негизинен аз иштетилген сырьелук өндүрүмдөрдү — концентрат жана баштапкы металлдарды экспорттоп, кайра жогорку технологиялык түрүн алат. Маселен, 3D-басуу жана плазмалык каптоодогу металл порошогу кыймылдаткыч жасоодо же жогорку сапаттагы электроддорду чыгарууда тикендүү кокс Россия ишканаларына да абдан зарыл.
Россиядагы европалык, америкалык ишканалар менен түзүлгөн кооперациялардын жагдайы да өзүнчө маселе. Мисалы, Россияда чыгарылган сейрек кездешчү металл карбонаттары Эстонияга экспорттолуп, ал жактагы ишканада бөлүштүрүлөт. Даяр өндүрүмдүн басымдуу бөлүгү АКШга жөнөтүлөт.
"Мындай байланыштардын үзүлүшү бул тармактагылардын бардыгына кедергисин тегиз тийгизери турулуу иш. Эстония баш тарта турган болсо Россия өндүрүштүк кубаттуулукту бир топ арттырып же карбонаттарды Кытайга ташууга аргасыз", — деп түшүндүрөт Петров.
Ошондой эле Европадан Москва дат баспаган болотту сатып алат. "Россиялык керектөөчүлөр европалык болотту импорттоодон баш тартышы ыктымал, бирок өндүрүшчүлөр аны сата алышпайт. Европада керектөө чегине жетип, ал эми глобалдык рынок кытай өндүрүмдөрүнө жык толгон", — дейт Хазанов. Анткен менен Батыш эң оболу Россиядан алынчу мунай жана газ жаатында катуу чочулап туру.
Москва азырынча эл аралык милдеттенмелерин толук аткарууда. Бирок энергетикалык ресурстарды экспорттоого байланыштуу санкцияларга жооп кайтара турган болсо, дүйнөлүк экономика катуу жабыр тартары турулуу иш.