БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Өлкөдө Туризмди өнүктүрүү фонду түзүлүп, уставдык капиталы 1 миллиард сом болот. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Мындай чечим министрлер кабинетинин отурумунда жактырылган.
Фонддун иши тууралуу кенен маалымат берилген эмес.
Өкмөттүн жыйынында төмөнкү чечимдер да кабыл алынган:
өнүктүрүү жаатында өнөктөштөр менен аракеттенүү боюнча министрлер кабинетинин алдында координациялык кеңеш түзүү тууралуу;
жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекемелердин электр энергиясына чыгымдарын республикалык бюджеттен каржылоо жөнүндө жобону бекитүү;
жол тармагы системасын өзгөртүү боюнча чаралар;
бюджеттик системадагы убактылуу бош каражаттарды коммерциялык банктарга жайгаштыруунун тартибин бекитүү;
тоо-кен казуу тармагындагы объектилерде өтө уулуу заттарды өндүрүү, түзүү, сактоо, пайдалануу жана жок кылуу боюнча иштерге лицензия берүү;
сырткы электрондук соода тармагында пилоттук долбоорлорду жүргүзүү.