Кубаныч Абдисалам уулу BRAVE уюмунун чемпиону болду. Нокауттун видеосу

Омок каймана аты менен таанымал кыргыз мушкери бразилиялык атаандашын биринчи раундда техникалык нокаут менен жеңген.
Sputnik
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Кыргызстандык Кубаныч Абдисалам уулу BRAVE CF уюмунун утурумдук чемпион наамына ээ болду. Бул тууралуу аталган уюм Instagram баракчасы аркылуу кабарлады.
Кыргыз мушкери жеңил салмактагылар (57 кг) арасында күч сынашты. Ал бразилиялык атаандашы Клейтон Силваны биринчи раундда техникалык нокаут менен жеңген.
Беттештен кийин Кубаныч Абдисалам уулу жеңил салмактагы чемпион Ахмед Амир менен көз караштар таймашын өткөргөн. Египеттик мушкер жаракатына байланыштуу наамын коргоого чыккан эмес.
Кыргызстандык спортчу ушуну менен ММА боюнча 19-кармашын утту. Үч ирет жеңилген. Ал 27 жашта, октагондо Омок каймана атын алып жүрөт.
BRAVE Combat Federation (BRAVE CF) — дүйнөдөгү беделдүү промоушендердин бири. UFC уюмунун белгилүү мушкери Хамзат Чимаев да дал ушул уюмдан чыккан.
Валентина Шевченко наамын коргоо үчүн бразилиялык мушкер менен кармашат