Футболчу Аяна тажик командасынын дарбазасына эсте каларлык гол киргизди. Видео

18 жашка чейинки спортчулардын арасындагы эл аралык мелдеш кечээ Душанбе шаарында болду.
Sputnik
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Футбол боюнча улуттук курама команданын (U-18) оюнчусу Аяна Каратаева Тажикстандын тайпасынын дарбазасына эсте каларлык гол киргизди.
Кечээ Душанбе шаарында CAFA U-18 Women"s Championship 2022 эл аралык мелдеши өткөн. Кыргызстандык чабуулчу алыстан туруп күчтүү соккусу менен топту тээп, дарбазага гол киргизе алган.
Оюнду 1:0 упай эсеби менен Кыргызстандын командасы уткан.
CAFA эгидасы алдында өткөн мелдешке Афганистан, Иран, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын командалары катышты.
Футбол легендасы Майкл Оуэн Мирлан Мурзаевдин голун эң мыкты деп атады. Видео