БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя Европаны Украина жактан биологиялык коркунуч көзөмөлсүз тарап жатканы тууралуу ойлонууга үндөдү. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Мамлекеттик дума Украинадагы чет элдик биологиялык лабораториялардын иши боюнча БУУга жана ЕККУнун парламенттик ассамблеясына кайрылуу долбоорун жактырды. Учурда БУУнун Коопсуздук кеңешинин Украинанын аймагындагы АКШнын аскердик-биологиялык ишмердүүлүгүнүн көйгөйлөрүнө арналган жыйыны өтүп жатат.
Дипломат белгилегендей, коронавирус пандемиясынын тажрыйбасы мындай окуяларды токтотуу мүмкүн эместигин көрсөттү. Анын айтымында, мындай сценарий "бүткүл Европаны камтыйт".
"Көп жылдар бою Евробиримдиктин артында өтө кооптуу биологиялык сыноолор үчүн полигон болгон", — деген Небензя.
РФтин Коргоо министрлиги буга чейин презентация жасап, анда АКШ Украинадагы биолабораториялардын ишине 200 миллион доллар коротконун айткан. Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова АКШнын Украинадагы аскердик биологиялык ишмердүүлүгүнө байланыштуу биологиялык куралга тыюу салуу боюнча конвенциянын алкагында консультация жүргүзүлөрүн билдирген. Ал эми Кытай ТИМинин расмий өкүлү Чжао Лизцянь Вашингтонду бул кадамын түшүндүрүүгө чакырган.