БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Экономикада абал азыркыдай туруксуз болуп турганда кыймылсыз мүлк менен чет элдик валюталарды шашылыш сатып алуу кооптуу. Бул тууралуу "Прайм" агенттигине Accent Capital капиталдар рыногу департаментинин директору Андрей Аржанухин айтып берди.
"Доллардын курсу дароо көтөрүлүп, ар кандай чектөөлөрдүн киргизилиши элди бир топ паникага салып койду. Учурда акчасын сактап калуунун айласын издегендер кыймылсыз мүлк алууга аракет кылышы мүмкүн. Бирок азыркыдай олку-солку мезгилде мынчалык олуттуу кадамга баруунун тобокелдиги көп. Эртең эле азыркы баалар таптакыр башкача болуп калышы ыктымал", — деди Аржанухин.
Ошондой эле адис чет элдик валюталарды шашып алуу дагы кооптуу экенин айтып, колдогу каражатты жок дегенде март айынын соңуна чейин кармап турууну сунуштаган.