БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Улуттук банк коммерциялык банктарга мурда доллар менен кредит алган кыргызстандыктарга реструктуризация же конвертация жүргүзүүнү сунуштады.
Буга валюта курсунун туруксуздугу, чакан жана орто бизнести колдоо зарылчылыгы себеп болууда.
Реструктуризация — кредит алган адамдын арызынын негизинде пайыздык ченди же кредиттин мөөнөтүн өзгөртүү. Мында карыз алуучу чет өлкө валютасындагы насыясын төлөөдө финансылык көйгөй жаралгандыгын тастыкташы шарт. Бул үчүн кредит берген банкка барып кайрылуу талап кылынат.
Конвертация — доллар менен алган насыясын сомго которуп, андан ары улуттук валютада төлөй баштайт. Кредиттин валютасын өзгөртүү тараптар макулдашкан шарттарда жана карыз алуучу макул болгон учурда гана аткарылышы мүмкүн.
Белгилей кетсек, кыргыз өкмөтү 85-90 сомдук курс менен конвертация кылып, ашкан сумманы бюджеттен төлөп берүүнү да пландап жатат.