Пресс-борбор

Адис: сөөк коюудагы чектөөлөрдү түшүндүрүү иштерине имамдар жардам берүүдө

Сөөк коюу жана той-аштагы ысырапкерчиликке тыюу салуу боюнча бийликтин демилгесин аймактагы калк түшүнүү менен кабыл алып жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Сөөк коюу жана той-аштагы ысырапкерчиликке тыюу салуу боюнча бийликтин демилгесин түшүндүрүү иштери жер-жерлерде кантип жүргүзүлүп жатканын КР президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Клара Нарынбаева айтып берди.
КР президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Клара Нарынбаева
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өтүп жаткан "Той менен сөөк коюудагы ысырапкорлук" темасындагы тегерек столго катышты.
Көрүлүп жаткан чаралар:
облустук деңгээлдеги ЖМКлар аркылуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат;
сөөк коюу, куран окутуу сыяктуу жерлерде массалык түрдө чогулган элге жеткирүү үчүн имамдар жардам берүүдө;
акимдер жер-жерлерди кыдырып, айыл аксакалдарынын катышуусунда жыйындарды өткөрүүдө.
Нарынбаева демилге эл тарабынан түшүнүү менен кабыл алынып жатканын кошумчалады.
Буга чейин президент Садыр Жапаровдун өлүм чыккан жерде ысырапкерчиликке жол бербөө боюнча жарлыгы жарыяланган. Бул жарлыктын максаты — жарандардын социалдык, экономикалык жашоо деңгээлин жогорулатуу экени айтылган. Ошондой эле диний ырым-жырымдарды, үрп-адаттарды жана коомдун руханий абалына терс таасирин тийгизүүчү башка иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкорлукту алдын алуу.
Ал эми парламенттик угуу учурунда той-аш жана маркумду узатуу жөрөлгөлөрүндө эреже бузгандарга 150 миң сомго чейин айып салуу сунушталган.
Көп өтпөй Кыргызстандын муфтияты маркумду узатуудагы ысырапкорлукту алдын алуу жөнүндө фатва чыгарды. Анда ислам шариятында маркумду акыркы сапарга узатууда сөөк чыккан үйдө үч күнгө чейин казан асып мал союлбай, тамак берилбей турганы белгиленген.
Радио
Мураталиев: кыргыз тажияда сөөктү каадасына ылайыктап узаткан