Садыр Жапаров Нарынга барып, аймактын сугат мезгилине даярдыгын көрдү

Президент ирригация үчүн 1 миллиард 100 миллион сом биринчи жолу бөлүнгөнүн, бул келечекте айыл чарба өсүмдүктөрүн сугарууга байланышкан көйгөйлөрдү азайтууга мүмкүнчүлүк берерин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Садыр Жапаров бүгүн, 11-мартта, Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө Орто-Токой суу сактагычына барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков насостук станцияларды, суу сактагычтарды капиталдык оңдоп-түзөө, каналдарды бетондоо жана ылайдан тазалоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берген.
1 / 3

Садыр Жапаров бүгүн, 11-мартта, Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө Орто-Токой суу сактагычына барды

2 / 3

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков насостук станцияларды, суу сактагычтарды капиталдык оңдоп-түзөө, каналдарды бетондоо жана ылайдан тазалоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берген

3 / 3

Анын айтымында, жүргүзүлгөн иштер суунун топтолушун жогорулатуу, ташуу учурунда ным коромжусун азайтуу жана каналдын ар бир метринин эффективдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берип, бул өз кезегинде талаага келген суунун көлөмүн көбөйтөт

Анын айтымында, жүргүзүлгөн иштер суунун топтолушун жогорулатуу, ташуу учурунда ным коромжусун азайтуу жана каналдын ар бир метринин эффективдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берип, бул өз кезегинде талаага келген суунун көлөмүн көбөйтөт.
Жаныбеков ошондой эле суу үнөмдөөчү технологиялар — жаадырып сугаруу, тамчылатып сугаруу жана башка түрү киргизилип жатканын билдирди. Ал мурда сугат мезгилинде жыл сайын бөлүнчү каражаттын аздыгынан улам каналдардын абалы жыл өткөн сайын начарлап келгенин эске салып, эми бул көйгөйдү чечүүгө мүмкүн болгонун билдирди. Республикалык бюджеттен ирригациялык фондду кармоого бөлүнгөн каражаттын көбөйтүлүшү бул маселени чечүүгө мүмкүндүк берет.
Президент ирригация үчүн 1 миллиард 100 миллион сом биринчи жолу бөлүнүп жатканын, эми мамлекеттик органдарда эч кандай шылтоо болбой турганын белгилеген.
Жапаров ирригациялык тармактарды оңдоп-түзөө иштерин сапаттуу жүргүзүү зарылдыгын, бул келечекте айыл чарба өсүмдүктөрүн сугарууга байланышкан көйгөйлөрдү азайтууга мүмкүнчүлүк берерин айтты.
Мамлекет башчысы ошондой эле сууну үнөмдөө боюнча комплекстүү иш-чараларды киргизүү суунун коромжусун жоюуга мүмкүндүк берерине ишеним артты. Ошол эле учурда өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда бул маселенин актуалдуулугу артып жатканын айтты.
Өлкө башчы Орто-Токой суу сактагычын көргөндөн кийин тиешелүү мамлекеттик органдарга дыйкандар үчүн сууну өз убагында жеткирүү жана жоготууларды кыскартуу тапшырмасын койду.
Радио
Эксперт суу тартыштыгын алдын алуунун жолун сунуштады
Жапаров Кочкорго барып Турдакун Усубалиевдин эстелигин ачты. Сүрөт