БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Өзбекстандык аял Кыргызстанга 2 042 250 сомдук зер буюмду Кыргызстанга мыйзамсыз алып кирүүгө аракет жасаган. Бул тууралуу мамлекеттик Бажы кызматы билдирди.
Аял "Манас" аэропортунан кармалган.
"Декларациядан өтпөгөн зер буюмдар рентген-аппаратынан өткөрүүдө Өзбекстандын Р.М. аттуу жаранынын багажынан табылды. Ал Бишкек — Дубай рейси менен келген. Товардын салмагы 583 грамм", — деп айтылат маалыматта.
Иш козголуп, материалдар Транспорт прокуратурасына жөнөтүлдү.