Футбол легендасы Майкл Оуэн Мирлан Мурзаевдин голун эң мыкты деп атады. Видео

Оуэн Индиянын 2021-2022-жылдагы супер лигасынын чемпионатындагы эң мыкты беш голду көрсөтүп, арасына Мурзаевди кошкон.
Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Футболдун легендасы, "Алтын топтун" ээси Майкл Оуэн кыргызстандык Мирлан Мурзаевдин Индиядагы голун эң мыкты деп тапты.
Оуэн Индиянын 2021-2022-жылдагы супер лигасынын чемпионатындагы эң мыкты беш голду көрсөткөн. Бешинчи орунга улуттук курама команданын чабуулчусу Мирлан Мурзаевди жайгаштырган.
Былтыр 18-декабрда Индиянын футбол чемпионатында жергиликтүү "Ченнайин" клубу Мурзаевдин голу менен атаандаш болгон "Одиша" тайпасын уткан. Командалар ортосунда эсеп тең болуп жаткан, чечүүчү голду кыргызстандык чабуулчу оюндун 63-мүнөтүндө киргизген болчу.
Белгилей кетсек, Мурзаев ушул жылдын август айында Индиянын "Ченнайин" командасы менен келишим түзгөн. 2019-жылдан бери "Дордой" клубунун катарында болуп келген спортчу ага чейин Түркияда, Израилде жана Россияда ойногон. Мурзаев Кыргызстандын курама командасынын эң мыкты бомбардири болуп саналат (14 гол киргизген).
"Ченнайин" клубу индиялык Суперлигага (Жогорку лига) чыгып келет. Клуб 2014-жылы гана түптөлгөн. Индиялык актёр жана продюсер Абхишек Баччан клубдун ээлеринин бири болуп саналат. Ал — актриса жана модель Айшвария Райдын жолдошу.
Валерий Кичин "Локомотивдин" дарбазасына өзүнөн ашыра тээп гол киргизди. Видео
Футболчу Мирлан Мурзаев индиялык командасы үчүн кезектеги голун киргизди. Видео