Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Кытай санкциялар дүйнөлүк экономикага кедергисин тийгизерин айтты

Дүйнөлүк экономика пандемиядан кийин ансыз деле катуу кесепетке учураганы, санкциялар бир дагы тарапка пайда алып келбей турганы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Россияга карата санкциялар дүйнөлүк экономиканы калыбына келтирүүгө терс таасирин тийгизет. Бул тууралуу Кытайдын мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцян билдиргенин РИА Новости жазды.
"Дүйнөлүк экономика пандемиядан кийин ансыз деле катуу кесепетке учурады, киргизилген санкциялар экономиканы калыбына келтирүүгө терс таасирин тийгизет жана бир дагы тарапка пайда алып келбейт", — деген Кэцян Бүткүл Кытайдын эл өкүлдөрүнүн жыйынынын сессиясында.
Ошондой эле ал Кытай бардык тарап менен кызматташууну өнүктүрө турганын жана дүйнөдө тынчтыкты орнотууга салым кошууга аракет кыларын белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин рыноктон кетип жаткан компанияларга тышкы башкаруу киргизүү идеясын колдоду