Кыргызстандык аскерлер "Танк биатлонуна" даярдыгын баштады

"Танк биатлону-2021" эл аралык сынагында кыргызстандык жоокерлерден турган курама команда II дивизиондо биринчи орунду ээлеп, 2022-жылы I дивизиондо чыгуу укугуна ээ болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн №20636 аскер бөлүгүнүн "Эдельвейс" окуу борборунда өтө турган "Танк биатлону-2022" эл аралык мелдешине танкалардын курама экипажын даярдоонун II этабы башталды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлады.
Тандоо туруна жалпысынан 12 танк экипажы катышмакчы.
"Даярдоо этабы аяктагандан кийин, 28-марттан 30-мартка чейин, Коргоо министринин кубогуна танканын мыкты экипажы үчүн "Аскер оюндары-2022" сынагы өтөт. Анын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн (КР КК) танк биатлону боюнча курама командасы түзүлөт, ага төрт мыкты экипаж кирет", — деп айтылган маалыматта.
Эске салсак, Куралдуу күчтөрдүн курама командасы 2014-жылдан бери Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн "Алабино" полигонунда өтүүчү эл аралык "Танк биатлону" сынагына жыл сайын катышып келет. Былтыркы "Танк биатлону-2021" эл аралык сынагында курама команда II дивизиондо 1-орунду ээлеп, 2022-жылы I дивизиондо чыгуу укугуна ээ болгон.
Көздөн жаш атып, кыйкыра чуркап. Кыргызстандык танкачылардын чемпион болгон видеосу