БИШКЕК, 11-мар. – Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасында 11-мартка караган түнү дагы атышуу болду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдирди.
Окуя саат 2:50лөр чамасында Баткен облусунун Эки-Таш аймагында башталган.
"Баткен — Исфана автожолунун аймагында Тажикстандын чек арачылары жолдон өткөн автоунааларды ташка ала баштаган. Кыргызстандын чек арачыларынын токтоткула деген талабын аткарышкан эмес. Ошол маалда кыргыз чек арачылары тажик аскер кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерин токтотуу максатында аргасыздан эскертүү иретинде асманга ок атышкан", — деп айтылат билдирүүдө.
Ошол учурда Тажикстандын башка чек ара кызматкерлери Кыргызстандын байкоо мунарасы көздөй ок чыгара баштаган. Атышуу 20 мүнөткө созулуп, саат 03.10до токтогон.
"Кыргыз тараптан жаракат алгандар болгон жок. Чыр-чатактын мындан ары күчөп кетпеши үчүн Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү телефон аркылуу сүйлөштү", — деп айтылат билдирүүдө.
Чек ара кызматы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөсүн улантууда.
Эске салсак, кечээ, 10-мартта, саат 10.50лөр чамасында, Баткен облусундагы Тескей айылы жактагы мамлекеттик чек аранын такталбаган бөлүгүндө курал колдонулган чатак чыккан. Атышуу 10 мүнөткө созулган. Жабыркагандар болгон эмес.