Кыргыз-тажик чек ара өкүлдөрү түндөгү атышуу боюнча сүйлөштү

Тажик тарап унааларды аскерлер эмес, белгисиз жарандар ташка алганын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Түндөгү атышуу боюнча Баткен районунун Эки-Таш аймагында Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү жолугушту.
Анда кыргыз тарап түнкү атышуу Эки-Таш аймагында Баткен — Исфара автожолунун тилкеси көрсөтүп тургандай Тажикстандын аскерлери тарабынан тутанганын жана ошол жерден Кыргызстандын жарандарынын унааларына таш ыргытылганын билдирди.
Өз кезегинде тажик тарап аскер кызматкерлеринин унааларга таш ыргытууга тиешеси жок экенин белгиледи. Алардын айтымында, белгисиз жарандар ташка алган, учурда издөө иштери жүрүп жатат.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган чагымчыл аракеттерге жол бербөөгө макулдашты. Мамлекеттик чек араларды штаттагы чек арачылар менен гана кайтарууну сүйлөшүшкөн.
Саат 12:30га карата кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги абал туруктуу деп мүнөздөлөт.
Белгилей кетсек, 11-мартка караган түнү саат 3:00 чамасында Эки-Таш аймагында атышуу болуп 20 мүнөткө созулган.
Парламент Мадумаровду кылмыш жообуна тартууга макулдук берген жок