Катардагы көргөзмөдө Кыргызстандын улуттук павильону ачылды. Сүрөт

AGRITEQ эл аралык көргөзмөсү жыл сайын өткөрүлүп, айыл чарба жана курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы заманбап жетишкендиктер жана технологиялар менен таанышуу үчүн аянтча болуп саналат.
Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Катардын Доха шаарында өтүп жаткан AGRITEQ-2022 эл аралык көргөзмөсүндө Кыргызстандын улуттук павильону ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
1 / 3

Катардын Доха шаарында өтүп жаткан AGRITEQ-2022 эл аралык көргөзмөсүндө Кыргызстандын улуттук павильону ачылды

2 / 3

Катардагы элчиликтин колдоосу, Инвестициялар жана өнүктүрүү агенттигинин коштоосу менен кыргыз компаниялары тамак-аш өнөр жайынын жана айыл чарба продукцияларын алып барышкан

3 / 3

AGRITEQ эл аралык көргөзмөсү жыл сайын өткөрүлүп, айыл чарба жана курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы заманбап жетишкендиктер жана технологиялар менен таанышуу үчүн мыкты аянтча болуп саналат.

Катардагы элчиликтин колдоосу, Инвестициялар жана өнүктүрүү агенттигинин коштоосу менен кыргыз компаниялары тамак-аш өнөр жайынын жана айыл чарба продукцияларын алып барышкан.
"Көргөзмөнүн жүрүшүндө кыргыз компанияларынын Катардын бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуулары пландаштырылган", — деп айтылат маалыматта.
AGRITEQ эл аралык көргөзмөсү жыл сайын өткөрүлүп, айыл чарба жана курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы заманбап жетишкендиктер жана технологиялар менен таанышуу үчүн мыкты аянтча болуп саналат. Ошондой эле көргөзмөнүн алкагында айыл чарба тармагындагы инновациялар, курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча ар кандай конференциялар, презентациялар жана потенциалдуу өнөктөштөрдүн ортосунда сүйлөшүүлөр өткөрүлөт.
Дубайда кыргыз-араб туристтик иш-чарасы өттү. Максаты