Бөйрөгү ооруган адамдар кандай тамактанышы керек? Диетологдун кеңеши

Диетолог бөйрөк ооругандарга картошка, сабиз, кызылча, брокколи, ашкабак, бадыраң сыяктуу жашылчаларды сунуштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Бөйрөгү ооруган адамдар тамакты түрлөп жеп, күнүнө аз-аздан 5-6 жолу азыктанышы керек. Бул тууралуу диетолог Антонина Стародубованын айтымына таянып РИА Новости жазды.
Дарыгер белок катары өтө майлуу эмес эт, тоок этин, жумуртка жесе болорун айтып, бирок аларды кайнатып гана колдонуу керектигин эскерткен. Сүт, кычкыл сүт азыктарынын да майлуулугу аз болгону оң.
"Бөйрөгү ооруган адам туздан жана тузу көп тамактардан этият болушу шарт. Туз күнүнө 5 граммдан ашпаш керек. Туздалган, ышталган, консервацияланган азыктар сунушталбайт. Ачка жүрүп алуу же өтө тоюп алган да болбойт. Организмде калий ашып кетпеш керек. Ошол себептен жашылча, жемиш тандоодо ага да көңүл бурганы оң. Мисалы, алма, алмурут, апельсинде калий аз", — деген адис.
Диетолог бөйрөк ооругандарга картошка, сабиз, кызылча, брокколи, ашкабак, бадыраң сыяктуу жашылчаларды сунуштаган.
Пресс-борбор
Жүрө бербегиле. Адис бөйрөк алмаштыруудан алыс болуу боюнча кеңешин берди