Бишкектеги Октябрь райондук милициясына жаңы жетекчи келди

Жаңы башчы уюшкан кылмыштуулукка каршы чөйрөсүндө көбүрөөк эмгектенген.
Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Бишкектин Октябрь РИИБнин начальниги болуп Азамат Токтоналиев дайындалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
45 жаштагы полковник буга чейин Бишкек, Каракол, Нарын облустарындагы башкармалыктарда жана ИИМдин борбордук аппаратында эмгектенген. Көбүнчө уюшкан кылмыштуулукка каршы чөйрөсүндө иштеген. Ички иштер органдарында 2000-жылдан бери кызмат өтөйт.
Октябрь райондук милициясынын буга чейинки жетекчиси Уланбек Аалиев "Кыйноолор", "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Опузалап пара алуу" боюнча кылмыш иштеринин фигуранты катары кармалган.
ИИМ башчысына бешинчи орун басар дайындалды. Кыла турган кызматы