БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Россия АКШнын Украинадагы аскердик-биологиялык ишмердүүлүгүн талкуулоо үчүн жума күнү БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүнү сунуштады.
Бул тууралуу Россиянын БУУдагы өкүлүнүн орун басары Дмитрий Полянский Twitter баракчасына жазганын РИА Новости кабарлады.
"Россия өкүлчүлүгү АКШнын Украинанын аймагындагы аскердик-биологиялык ишмердүүлүгүн талкуулоо үчүн Коопсуздук кеңешинин жыйынын 11-мартта өткөрүүнү сунуштады", — деп жазган Полянский.
РФтин Коргоо министрлиги буга чейин презентация жасап, анда АКШ Украинадагы биолабораториялардын ишине 200 миллион доллар коротконун айткан. Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова АКШнын Украинадагы аскердик биологиялык ишмердүүлүгүнө байланыштуу биологиялык куралга тыюу салуу боюнча конвенциянын алкагында консультация жүргүзүлөрүн билдирген. Ал эми Кытай ТИМинин расмий өкүлү Чжао Лизцянь Вашингтонду бул кадамын түшүндүрүүгө чакырган.