Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

РФ Коргоо министрлигинин өкүлү: АКШ Украинада COVID боюнча сыноо жүргүзгөн

Sputnik
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Украинадагы АКШ финансылаган биолабораторияларда жарганаттарга коронавирус боюнча тажрыйбалар жасалган. Бул туурасында Россиянын коргоо министрлигинин өкүлү генерал-майор Игорь Конашенков билдиргенин РИА Новости жазды.
"Документтер Украинада түзүлгөн жана каржыланган биолабораторияда жарганаттарга коронавирустун үлгүлөрү менен эксперименттер жасалгандыгын көрсөттү", — деген ал.
Анын айтымына караганда, өзгөчө көңүлдү АКШ ишке ашырып жаткан Украина, Россия жана башка коңшу мамлекеттердин ортосундагы конуш которгон жапайы куштардан таралган ылаңдарды изилдеген долбоор бурган.
Конашенков документтерге караганда Америка тарап канаттуулардагы, жарганаттардагы, жылан, кескелдириктердеги оору козгогучтарды терең карап чыгып, бул жаныбарлар чочколорго Африка чумасын, күйдүргүнү жуктурар-жуктурбасын изилдөөнү пландагандыгын айтты.
"Пентагон финансылаган Украинадагы бул жана башка биологиялык изилдөөлөрдүн максаты өлүмгө алып келген патогендерди жашыруун таратуу механизмдерин түзүп чыгуу болгон", — деп кошумчалаган генерал.
Буга чейин АКШнын мамлекеттик департаментинен Украинада АКШнын лабораториялары жоктугун айтышса, ал эми ведомствонун жетекчисинин орун басары Виктория Нуланд сенатта сүйлөп жатып, ал жактан биологиялык изилдөөлөрдүн объектилери бардыгын билдирген. Анын айтымына караганда, Киев менен Вашингтон аларды россиялык күчтөрдүн колуна тийип калуусуна жол бербей турган иштерди жасап жатат.
Россия 24-февралдан тарта Украинаны демилитаризация жана денацификациялоо боюнча атайын операцияны баштаган. Куралдуу күчтөр украина аскерлери менен согуштук инфраструктураларга сокку уруп жаткандыктарын айткан. Тилекке каршы, эки жактан тең курмандыктар бар.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ Украинада биолаборатория бар экенин моюндады
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Түркияда Россия менен Украина ТИМ башчыларынын жолугушуусу башталды