Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Түркияда Россия менен Украина ТИМ башчыларынын жолугушуусу башталды

Лавров менен Кулеба Россиянын Украинадагы атайын операциясы башталгандан бери биринчи жолу кезигишүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Түркиянын Анталья шаарында Россия менен Украинанын тышкы иштер министрлери Сергей Лавров менен Дмитрий Кулебанын жолугушуусу башталды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Аткаминерлер бет маңдай отуруп сүйлөшүп жатканы айтылды.
Иш-чарага Түркиянын ТИМ жетекчиси Мевлют Чавушоглу катышууда. Үч министр П сымал жайгаштырылган столдо отурушат. Ар бир делегацияда үчтөн киши бар экени маалымдалды.
Лавров менен Кулеба Россиянын Украинадагы атайын операциясы башталгандан бери биринчи жолу кезигишүүдө. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгы менен россиялык министрдин маалымат жыйыны пландалган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Европа санкциялардын залалын азайтуунун жолун издөөдө. Азырынча таба элек