Анестезиолог Казатова: наркоз алган соң сырын айтканы да, сөгүнгөнү да болот

Акыркы убакта Кыргызстанда дарттын саны өсүп, операция жасалган бейтаптар да көбөйдү. Алардын көбү наркоздун кыйыр таасирлерин айтып даттанып да калышат.
Sputnik
Улуттук госпиталдын анестезиология жана реанимация бөлүмүнүн анестезиологу Уулжан Казатова Sputnik Кыргызстан агенттигине маек куруп жатып, наркоздун түрлөрү жана анын адамга тийгизген таасири тууралуу айтып берди.
— Операцияга кирерде наркоз берип, кийин укол менен бейтапты ойготуп алуучу дарыгерди анестезиолог деп билебиз. Сиздердин милдетке дагы эмнелер кирет?
— Наркоз — бул грек тилинен которгондо ооруну басаңдатуучу жана сездирбөөчү дегенди билдирет. Анестезия — бул ооруну билдирбөөчү жасалма каражат. Мындайча айтканда. жасалма уйку. Наркоздогу адам аң-сезимин жоготуп, булчуң эттери бошоңдоп, рефлекстери басаңдап, операция жасоого кеңири мүмкүнчүлүк берилет.
Анестезиологдор операция убагында өпкө, жүрөк, боордун иштешин көзөмөлдөп турабыз. Мисалы, кан басымы түшүп кетсе аны препараттардын жардамы менен көтөрөбүз. Ошондой эле бейтаптын кан басымына жараша ооруну басаңдатуучу препараттар сайылат.
Уулжан Казатова: наркоздогу адам аң-сезимин жоготуп, булчуң эттери бошоңдоп, рефлекстери басаңдап, операция жасоого кеңири мүмкүнчүлүк берилет
— Наркоздун да бир нече түрү болсо керек?
— Наркоздун түрлөрү көп. Жалпы наркоз эң оор хирургиялык операцияларда колдонулат. Ал баш мээге, ички органдарга жана жүрөккө берилет. Анда адамдын кекиртегине түтүкчө салып, жасалма аппараттар менен дем алдырып турабыз. Бул операциялар 9-10 саатка чейин созулушу мүмкүн. Ошол учурда биз кан басымын текшерип, бүтүн организмдин иштөө жоопкерчилигин алабыз. Ал эми белден ылдый жасалуучу операцияларга сайылуучу анестезиологиялык дарылар да бар. Ошондой эле эпидуралдык анестезияда омуртка каналына катетер коюлат. Жыттатып берилүүчү наркоздо атайын бет кап кийгизип, аппарат аркылуу берет. Анын жакшы жагы — оорулуу тез эле ойгонот. Наркоздун түрлөрү адамдын салмагына, өнөкөт ооруларына, аллергиясынын бар-жогуна жана операциянын деңгээлине да карата тандалат. Ооруган жерге берилүүчү анестезияда адам баарын билип турат. Көбүнчө ал травматологиялык жараатты операция жасаганда, кесарево жолу менен төрөтүүдө жана сокур ичеги болгондо колдонулат.
— Анестезиялык заттарга аллергиясы бар адамдар болот экен. Булар үчүн кандай ыкмалар жасалат?
— Көбүнчө ооруган жерге берилүүчү наркозго, антибиотиктерге жана лидокаин өңдүү ооруну сездирбөөчү препараттарга аллергиясы барлар көп. Ушундай маселе жаралып калса, бейтапты аллергологго жөнөтөбүз. Алар анализ алып, кайсы дарыга аллергиясы бар экенин аныкташат. Биз ошого жараша наркоз беребиз. Негизи анестезиологиялык заттардын бир-экөөнө гана аллергия болушу мүмкүн. Баарына боло бербейт. Операция жолу менен төрөй турган аллергиясы бар келиндерге белден ылдый эмес, жалпы наркоз берилет.
— Наркоз адамдын эс-тутумуна, ден соолугуна да таасир этеби?
— "Наркозду көп алгандыктан унутчаак болуп калдым" дегендер көп. Мунун баары эле убактылуу көрүнүш жана ал бат эле өтүп кетет.
Онкологиялык дарт менен жабыркагандар 1-2 эле жолу наркоз алса болот деген сөз жалган. Кээде залалдуу шишиктер кайра-кайра өсүп чыга бергендиктен ал адамдын өмүрүн сактап калуу керек болот. Наркоз алгандардын "унутчаак болуп калдык, башым көп ооруйт" деген даттануусу эле болбосо, андай деле кыйыр таасирлерин көргөн жокмун.
Уулжан Казатова: наркоздун түрлөрү адамдын салмагына, өнөкөт ооруларына, аллергиясынын бар-жогуна жана операциянын деңгээлине да карата тандалат
— Наркоз берилсе деле операциянын жүрүшүн сезген учурлар болот экен...
— Ооба, ошондой учур болот. Бирок анестезиологдор ага жол бербеши керек. Мындан бейтап да психологиялык жараат алып калышы мүмкүн. Айрымдар дарыга жараша галлюцинация болуп, сырын айтып же сөгүнүшөт. Айрымдар кадимкидей эс алып, жакшы маанайда ойгонгонун айтышат. Анан, албетте, дарынын таасиринен улам кускусу келип, оозу кургап суусашат. Бирок ооруну басаңдатуучу дарылардын эс-тутумга эч кандай деле таасири жок.
— Адамды терең уйкуга киргизүү үчүн күчтүү дарылар колдонулат эмеспи. Анестезиологиянын өнүгүшүнө кокаин баңгизатынын салымы чоң экендиги айтылат. Көп операция болгон адамга мунун кандай таасири тиет?
— Азыр кокаинди колдонбойбуз. Андан бөлөк бир-эки наркотикалык зат колдонулат. Көп колдонсо көз карандылык болуп калышы мүмкүн. Андан тышкары, операция убагында мээге кычкылтек барбай калса, жүрөгү токтоп калса же мээсинде шишик болсо комага түшүп калышы ыктымал. Бирок наркоз өлчөмүнөн көп колдонулса, бейтап комага түшпөйт.
— Жүлүнгө берилүүчү наркоздон көбү чочулашат. Жабыркап калуу мүмкүнбү?
— Жүлүнгө сайгандан көбү эле кооптонушат, бирок буга аябай стерилизацияланган таза шаймандар колдонулат. Азыркы ийнелердин да сапаты мыкты. Бул операция жолу менен төрөгөн аялдарга колдонулат. Баланын ыңаалап чыкканын өз көзү менен көрүп, баласын бооруна алып, эне менен баланын жакын болушуна жакшы.
Уулжан Казатова: "Наркозду көп алгандыктан унутчаак болуп калдым" дегендер көп. Мунун баары эле убактылуу көрүнүш жана ал бат эле өтүп кетет
— Биздин ооруканаларда бардык шарт түзүлгөнбү?
— Мурункуга караганда бардык шарттар бар, препараттар жетиштүү. Операциянын бардык түрүнө наркоз бере алабыз. Улуттук госпиталда негизинен чоңдор менен иштешебиз. Лор бөлүмүндө гана төрт жаштан жогорку кичине балдар да кабыл алынат. Мында ата-энелерине көбүрөөк түшүндүрүү иштери жүрөт.
— Акыркы убакта Кыргызстанда дарттын саны өсүп, операция жасалган бейтаптар да көбөйдү. Алардын көбү наркоздун кыйыр таасирлерин айтып даттанып да калышат.
— Акыркы убакта инсульттан улам операция болгондор көп. Инсульт жашарды. Жалаң гана улуу муундагылар эмес, жаштар да операция болууда. Ошондой эле мээнин шишиги көбөйүп кетти.
Гемодиализ алууда медициналык жабдыктын сапаты да маанилүү. Адистин маеги
Майын сордурткан адамга семирбейт деп кепилдик бербейбиз. Хирургдардын маеги