БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Борбор калаада жекшемби күнү онкологиялык оорулардан жапа чеккен балдарга кайрымдуулук кылуу максатында шахмат боюнча "Игра во имя жизни" деп аталган турнир өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлады.
"Турнир кайрымдуулук маанайда, онкологиялык ооруга кабылган балдарга коомчулуктун көңүлүн буруу үчүн өткөрүлүп жатат. Чогулган бардык каражат аталган дартка чалдыккан бөбөктөргө жумшалат", — деп айтылган маалыматта.
Мелдешке 18 жаштан улуу, 2000 ЭЛО (стандарт, рапид жана блиц) деңгээлиндеги оюнчулар катыша алат.
Шахмат сүйүүчүлөрдүн бул турнирине төмөнкүлөр катыша албайт:
спорттун чебери же андан өйдө наамы барлар;
2017-2022-жылдардагы Кыргызстанда өткөн аялдар жана эркектер арасындагы чемпионаттардын биринчи лигасынын жеңүүчүлөрү;
2017-2022-жылдардагы Кыргызстанда өткөн аялдар жана эркектер арасындагы чемпионаттардын биринчи лигасынын катышуучулары.
Турнир Бишкек шаарындагы Трудовая, 4 дарегиндеги шаардык маданият үйүндө өтмөкчү. Катышууну каалагандар 2022-жылдын 17-мартына чейин саат 17:00гө чейин катталышы керек. Катышуу үчүн мүчөлүк акы – 500 сом.
Иш-чараны "Help The Children-SKD" коомдук кайрымдуулук фонду КРдеги Шахмат федерациясы менен биргеликте Бишкек мэриясынын Маданият, спорт жана жаштар менен иштөө департаментинин колдоосунда уюштурууда.