Доллар менен кредит алгандарга өкмөт жардам берет. Министр жол-жобосун айтты

Министр мындай практика 2014-жылы дагы болуп, бюджеттен 680 миллион сом бөлүнгөнүн айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова доллар соңку күндөрү 20 сомго кымбаттаганын белгилеп, чет элдик валюта менен кредит алгандарга өкмөт тарабынан кандай жардам болоруна кызыкты.
Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев бул маселенин алкагында Улуттук банк менен сүйлөшүп жатканын айтты.
Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев
"Негизинен коммерциялык банктардан экспорттук-импорттук операциялары жок боло турган болсо, доллар менен насыя алууга тыюу салынган. Бүгүнкү күндө соода жүгүртүүчүлөрдүн жана өндүрүүчүлөрдүн алган кредиттерин толугу менен конвертациялоо маселесин карап жатабыз. Азыр доллардын курсун белгилеп 85-90 сом менен конвертация кылабыз да, калган акчасын бюджеттен толуктап беребиз", — деди Амангелдиев.
Министр мындай практика 2014-жылы дагы болгонун, анда ипотека алгандардын баарын толугу менен конвертация кылып, республикалык бюджеттен 680 миллион сом бөлүнгөнүн айтты. Мында дагы ошол тажрыйба колдонулмакчы.
Амангелдиев мындай норма менчигинин түрүнө карабай бардык банктарда колдонуларын, бирок ал ата мекендик өндүрүш менен алектенген ишкерлерге гана тиешелүү экенин эскертти.
Депутат Абдибаева доллардан баш тартып, насыяны сом менен берүүнү сунуштады
Кыргызстандын Улуттук банкы өз акчасынын кунун дагы жогорулатты